Көбөков Имаш Кудайбергенович

Википедия дан

Көбөков Имаш Кудайбергенович (Кабеков, Кобеков, 20. 5. 1892, Пишпек уезди Константиновка кыштагы – 28. 2. 1928, Фрунзе) – Кыргызстанда Совет бийлигин орнотуп, аны чыңдоонун активдүү катышуучусу. 1915-жылдары Чүй өнөр-жай курулушунда иштеп, ал жерден А. И. Иваницын менен таанышкандан кийин революциячыл ишмердигин баштаган. 1917-ж. май айында X. Хасанов менен бирге Кедей-кембагалдар союзун түзгөн. Кийин ал «Букара» союзу деп аталып, 1918-ж. октябрь айынан анын төрагасынын орун басары болуп дайындалган. Эсерлер партиясынын мүчөсү (1918-ж. чейин), Жумушчудыйкандар советинин аткомунун мүчөсү (1918). Жумушчу-дыйкандар советинин Пишпек уезддик 1-съездинин РКП(б)нин мусулмандар бюросунун уезддик комитетинен жалпы кыргыз съездине делегат (1919). 1920жылдын январынан Пишпек уездинин аскер комиссары, ошондой эле уезддин мамлекеттик, партиялык органдарында иштеген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]