Жер астындагы суулар

Википедия дан

Жер астындагы суулар – жер кыртышнын үстүнкү бөлүгүндө жаткан тоо тек катмарларындагы суюк, муз жана буу түрүндөгү суу. Жер бетиндеги суулардан айырмасы алар жер бетинен төмөн жайгашып, тоо тектердеги жаракаларды, көңдөйлөрдү толтуруп турат. Суу жер астындагы катмарларга жер бетиндеги суулардан, атмосфералык жаан-чачындан же тереңдиктеги магма бууларынан келет. Мында суу гравитациялык же эркин суу (оордук күчүнүн таасири менен агуучу), капиллярдык суу (молекулалык тартылуу күчүнөн кыртыштагы кесек бөлүкчөлөрдүн арасындагы майда капиллярлар аркылуу көтөрүлүүчү), байланышкан суу (минералдардын кристаллдык торчолорундагы) жана башка түрдө болот. Алардын негизгиси эркин (гравитациялык) суу жер кыртышында катуу (муз), газ (буу) жана суюк түрүндө кезигет. Жер астындагы суулардын пайда болушуна карай 5 түргө бөлүнөт: инфильтрациялык (вадоз) суулар чөкмө, магма жана метаморфизмделген тектердеги майда көзөнөкчөлөр, жаракалар, көңдөйчөлөр, ар түрдүү боштуктар аркылуу атмосфералык жаан-чачын менен жер бетиндеги суулардын сарыгып өтүшүнөн пайда болот; конденсациялык суулар тоо тектердеги боштуктарга чогулган абадагы буунун муздашынан (конденсацияланышынан) келип чыгат; седиментациялык суулар деңиз чөкмөлөрүнө суу сиңип, кийин ныкталганда сыгылып чыгып, бир жерге топтолушунан пайда болот. Алар негизинен гидрогеологиялык структуранын борборунда жана өтө тереңдикте жайгашат; органикалык суулар ылай-чополуу чөкмөлөрдө сакталып калган органикалык заттардан пайда болот; тереңдиктен орун алган (ювениль) суулар магмадан бөлүнүп чыккан суу бууларынын муздашынан чогулат. Тоо тектериндеги суу чогулган боштуктардын өзгөчөлүгүнө карай жер астындагы суулар көзөнөктүү, катмарлуу, жаракалуу жана карст суулары болуп бөлүнөт. Суу топтолгон тоотек катмарлары суулуу горизонт деп аталат. Жер кыртышындагы эң үстүнкү горизонттогу сууну кыртыш (грунт ) суулары дейбиз. Ал бир нече смден ондогон м тереңдикте кездешип, үстүнкү бети бош, кысымсыз абалда болот. Кыртыш сууларынан төмөн артезиан суулары жатат. Анын асты жана үстү суу өткөрбөөчү катмарлар менен чектелет. Жер астындагы суулар курамында түрдүү минералдар, органикалык заттар жана газдар бар табигый эриндилер. Суудагы эриген заттардын өлчөмүнө карата жер астындагы суулар тузсуз (туздуулугу 1 г/лге чейин), чала туздуу (1–10 г/л), туздуу (10–50 г/л), шорлуу (50 г/лден көп); газдардын курамы боюнча көмүр кычкылдуу, күкүрттүү суутектүү, азоттуу, радондуу, метандуу жана башка сууларга бөлүнөт. Курамында түрдүү туздар же газдар, органикалык компоненттер, кээде газ менен радондун эманациясы болуп калса, анда дарылоочу касиетке ээ. Жер астындагы суулар минералдуу суулар деп да аталат. Жер астындагы суулардын физикалык касиети алардын химиялык курамына байланыштуу. Суунун температурасы боюнча муздак (20°ка чейин), арашан суулары (20°тан жогору) болуп бөлүнөт. Жер астындагы сууларды гидрогеология илими изилдейт. Жер астындагы суулар эзелтен бери калкты таза суу менен камсыз кылууда, сугат ишинде, жайыттарды суу менен камсыз кылууда кеңири колдонулат. Азыркы кезде алардын мааниси күндөн күнгө артууда. Жер астынан чыккан минералдуу суулар ичүүгө жана ар кандай дарттан дарыланууга керектелет. Кийинки кезде арашан суулардан жылуулук кубаты алына баштады.

Кыргызстандын аймагында жер астындагы суулардын бардык түрү кездешет. Республикада 80ден ашык минералдуу булактар бар. Айрымдарынын базасында курорттор (Жалал-Абад, Жети-Өгүз, Ысык-Ата жана башка) иштейт.

Дагы кара[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]