Нурланбек Шакиев

Википедия дан
Нурланбек Тургунбекович Шакиев
Нурланбек Тургунбекович Шакиев
Желек
Желек
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы
желек
желек
5-октябрь, 2022 — азыркы учурда
Өкмөт башчысы: Акылбек Жапаров
Президент: Садыр Жапаров
Андан мурунку: Талант Мамытов
 
Дини: ислам
Туулган жери: Кара-Жыгач, Аксы району, Жалал-Абад облусу, Кыргыз ССРи, СССР
Партиясы: «Бүтүн Кыргызстан» (2010)
«Ата-Журт Кыргызстан» (2022 — а. у)
Кесиби: Агроном

Нурланбек Тургунбекович ШакиевКыргызстандык саясатчы жана мамлекеттик ишмер. Жогорку Кеңештин төрагасы (2022). Мамлекеттик кызматтын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси, КМШнын аткаруу комитетинин Ардак грамотасы, ШКУнун юбилейлик медалы жана башка бир катар ведомстволук медалдар менен сыйланган.

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Нурланбек Тургунбекович Шакиев 1977-жылдын 13-майында Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Жыгач айылында туулган[1]. Билими жогорку. К.И. Скрябин атындагы Кыргыз агрардык академиясынын экономика жана агробизнес факультетин бүтүргөн.

Шакиев Нурланбек Тургунбекович эмгек жолун 1996-жылы «Обон» гезитинин башкы редактордун орун басары, башкы редактор кызматынан баштаган. 1997-1999-жылдары «Учкун» гезитинин башкы редактору. 1999-2004-жылдары «Эркин-Тоо» гезитинин башкы редакторунун биринчи орун басары. 2004-жылы Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлигинин басма сөз катчысы. 2005-2006-жылдары «Эркин-Тоо» гезитинин башкы редактору[2]. 2006-2009-жылдары Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз катчысы (Курманбек Бакиев). 2009-2010-жылдары «ЭлТР» коомдук телерадиокомпаниясынын башкы директору. 2010-2011-жылдары Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министри. 2012-2014-жылдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «Ата-Журт» фракциясынын лидеринин кеңешчиси. 2017-2021-жылдары «2 канал» (New TV) ЖЧКнын негиздөөчүсү[2], башкы директору. 2021-жылы № 17 Аксы шайлоо округунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VII чакырылышынын депутаты болуп шайланган. 2022-жылдын 29-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин «Ата-Журт Кыргызстан» парламенттик фракциясынын лидери болуп шайланган. 2022-жылдын 5-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы болуп шайланган[1].

Эскермелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. 1.0 1.1 Төрага болуп шайланган Нурланбек Шакиевдин өмүр баяны. Bulak.kg. Текшерилген күнү 10 -октябрь (тогуздун айы) 2022.
  2. 2.0 2.1 Шакиев Нурланбек Тургунбекович — биография. Bulak.kg. Текшерилген күнү 10 -октябрь (тогуздун айы) 2022.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]