Мандалай

Википедия дан

Мандалай, Мандале (пали тилинде офицалдуу аталышы – Яданабон, сөзмө-сөз «асыл таш тарамдары») – Мьянма мамлекетиндеги шаар. Мандалай областынын административдик борбору. Калкы 550 миңден ашык (2006). Жолдор тоому. Иривади дарыясындагы порт. Мандалай – өлкөнүн ири өнөр жай жана маданий борборлорунун бири. Кебез-кездеме, жибек түрүү, тамак-аш, карагай тилүү өнөр жай ишканалары иштейт. Кеме ремонттолот. Университет, медициналык, техникалык институттары бар. Кол өнөрчүлүк (карапачылык, оймолоо) өнүккөн. Мандалай 1857-жылы негизделген.

Сүрөт галлереясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]