Буриштер

Википедия дан

Бури́штер (бурушаски, хунза) — эл. Кашмирдин (Пакистан бөлүгүндө) түндүгүндө бийик тоолу (Гилгит, Хунза, Нагар) жерде жашайт.
Саны 87 миң (2000).

Тили[оңдоо | булагын оңдоо]

Тили — бурушаски. Бурушаски өзгөчө обочолонгон тил.
Башка элдер менен байланышта урду жана дард тилдерин колдонушат. Урду тилин көбүнчө аялдар колдонушат.

Теги[оңдоо | булагын оңдоо]

Буриштер Кашмирдин байыркы автохтондук калкы. Алар келгин индиевропалыктар менен аралашпай өзүн тилин жана маданиятын сактап калышкан.
С. А. Старостиндин (белгилүү орусия лингвисти) гипотезасы боюнча буриштер синокавказдыктардын тукумдары.

Дин[оңдоо | булагын оңдоо]

Динге ишенгендери Ислам диндин шиит багытын тутушат. Көбүнчө шиит багытынын ичиндеги исмаилдик жана иснаашарит секталардын избасарлары. Ошондой эле, байыркы бутпарас элементери да сакталууда.

Маданияты[оңдоо | булагын оңдоо]

Материалдык маданияты боюнча калаштарга жана памирдик элдирине жакын.

Чарба[оңдоо | булагын оңдоо]

Террасалык дыйканчылык өнүккөн. Татаал сугат системасы колдонулат. Жашылчалар, жемиштер (өрүк, жүзүм) өстүрүлөт. Ири мүйүздүү мал сүт үчүн кармалат.

Тамактануу[оңдоо | булагын оңдоо]

Жашылчаларды чийки бойдон жешет. Өрүктү көп жешет. Кышында кургатылганын өрүк жешет жана өрүктөн жасалган компотторду ичишет. Сүттөн жасалган азыктарга (эжиге, каймак ж.б.) да көңүл бурушат.

Шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]