Мазмунга өтүү

Исмаилдик

Википедия дан

Исмаилдик – 8-кылымдын 2-жарымында араб халифатында пайда болгон жана мусулманчылыкта кеңири тараган шиит сектасынын жактоочулары. Алар тууралуу туура маалыматтар 9-кылымдын аягынан тартып гана сакталып калган. Сектанын аталышы Исмаилдин аты менен тыгыз байланыштуу. Сунниттик халифке каршы чечкиндүү күрөш жүргүзгөн шииттердин өтө активдүү тобунун таасири астында Исмаил жетинчи жана акыркы имам болуп таанылган. Исмаилиттердин окуусу неоплатонизм менен буддизмдин таасири астында калыптанган диний-философиялык системаны элестетет. Бул системага ылайык эч кандай атрибуттарга ээ эмес жана ошол себептен адам акылы менен түшүнүү мүмкүн болбогон Алла кудайы дүйнөлүк акылды жараткан. Дүйнөлүк акыл дүйнөлүк жанды жаратып, дүйнөлүк жандын касиеттери болуп жашоо жана кыймыл эсептелишет. Ушул касиеттерине таянуу менен дүйнөлүк жан материяны көзгө көрүнгөн жана сезимдерге берилген дүйнөнү пайда кылган. Бирок, материя инерттүү жана дүйнөлүк акылдагы идеяларды чагылдырган ар кандай формаларды кабыл алууга жөндөмдүү. Дүйнөлүк акыл аян түрүндө пайгамбарлар деп аталган өзгөчө адамдарга берилет. Алар кудайдын акылын адамдарга эч бурмалабастан жеткирүүгө милдеттүү. Алардын жолун улоочулар имамдар деп аталышат. Исмаилиттер Адам, Ибрагим (Авраам), Нук (Ной), Муса (Моисей), Иса (Иисус Христос), Мухаммед жана Исмаил өңдүү 7 пайгамбарды жана алардын жолун жолдогон 7 имамды таанышат. Ар бир пайгамбар белгилүү бир тарыхый доорго жана аларга ылайык келген кудай аянынын стадиясына туура келишет. Исмаилиттердин окуусу 909-жылы Туниске бийлик орноткон, кийин 972–1171-жылдары Египетти башкарган фатимиддик халифтердин официалдуу идеологиясы болгон. 11-кылымдын аягында исмаилиттер сектасында бөлүнүп-жарынуучулук жүрүп, неоисмаилизм жаралган. Бул окуу өз имамын кудайга айланткан ассасиндер сектасынын идеологиясы болуп эсептелген. Кийинки кездерде исмаилизмдеги өтө таасирдүү жана кеңири жайылтылган багыт «тирүү кудай» Ага-хан тарабынан башкарылган.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]