Ядролук курал

Википедия дан

Ядролук курал — массалык жабыркатуучу куралдын бири, анын күчү ядролук жарылуудан бөлүнүп чыккан энергиядан пайда болот. Ал ракета, самолёт жана башкалар менен ташылат. Анын жабыркатуучу күчү ядролук жарылуунун кубаттуулугуна, түрүнө жараша болуп, ядролук жаруу негизинен абада, жерде, жер астында (суу астында) жүргүзүлөт. Ядролук жардыруунун натыйжасында бир катар жабыркатуучу факторлор: абада согуу толкуну, жарык нурлануусу, радиация, радиоактивдүү булгануу пайда болот.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8