Салар тили

Википедия дан

Салар тили - саларлардын тили, огуз группасындагы түрк тилдеринин бири. КЭРдин батыш провинцияларынын айрым жерлеринде, негизинен Цинхай провиндиясынын Сюнь-Хуа-Салар аймагына тараган. Диалектилик айырма анча байкалбайт, чыгыш жана батыш өткөөл говордук топко бөлүнөт. С. т. түрк тилинин байыркы огуз тобунун жана салгур уруусунун (11-к.) тилинин структуралык элементтерин сактаган. Огуз тобунун кыпчак элементтери да Herne болгон. Түрк тилдеринин кыпчак тилине тийгизген таасири 14-кылымда аяктаган, анткени саларлар Кытайга жер которгондугуна байланыштуу башка тилдердин (кытай, тибет) таасирине өткөн. 15-17-к-га таандык, диний жана тарыхый мүнөздөгү китептер салар элементтери бар чагатай тилинде араб графикасы менен жазылган. Учурда С. т-не тибет жана кытай тилдеринин таасири күчтүү. Э. Р. Тенишев фонетика, грамматика жана лексикасына латиницаны колдонуу менен салар огуз жазмасын негиздеген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]