Хайнань

Википедия дан
Хайнань аралынан бир көрүнүш

Хайнань (кытайчадан которгондо “түштүк деңиз аралы” дегенди түшүндүрөт) – Кытайдын түштүк тарабында жайгашкан аянты чоң өзгөчө кооз тропикалык арал. Административдик борбору Хайкоу. Хайнандын территориясы 34 000 кв.км аянтты түзөт. Бул Кытайдагы жалгыз тропикалык климаттагы, аянты боюнча экинчи (Тайвандан кийинки) арал болуп эсептелет. Хайнань Гавайи менен бир кеңдикте туруп аналогикалык климаттык шарты менен “Чыгыш Гавайи” аталып калган. Жылдык орто температура 24ᵒС, ал эми жаан-чачын - 1500 ммди түзөт. Жээгинин узундугу 1500 км. Арал Түштүк-Кытай деңизи менен чулганат. Өзгөчө таза суусу, деңиз байлыктары менен айырмаланат. Улуттук азчылыкты түзгөн 1,2 млн. ли, мяо жана хуэйди кошкондо Хайнандын калкынын саны - 6,7 млн. кишини түзөт. Акыркы 30 жылда Түштүк-Чыгыш Азиядан келген 2 млн. кытай келгиндери да бар. 1988-жылы Хайнань аралы провинция статусуна ээ болгон. Ошол эле учурда ал Кытайдын алдыңкы экономикалык аймагына болуп жарыяланган. Ошол убакыттан баштап негизги басым индустрия туризмине жасалып базалык инфраструктура абдан өнүккөн. Мейманканалар менен эс алуу жайлары козу карындай көбөйүп дүркүрөп чыккан (300дөн ашып кеткен). Термалдуу кайнарларда ыңгайлуу шарттар түзүлүп дүйнөлүк класстагы гольф-клубдар курулган. Аны менен кооз ландшафттуу парктар ачылган. Хайнандын өнүгүү стратегиялык багыты - бул сейрек табиятын сактоо, аралдын флораларын жана фауналарын жана ошондой эле түпкүлүктүү элдин чарбасы болуп эсептелет. Саякатчыларды да бул жердин ушундай шарты өзүнө тартып турат. Учурда аралдагы парктардын территориясында дүйнөнүн чар тарабынан келген турист, будда кечилдери үчүн коттедждер курулуп бүтүп жатат. Паркта атайын электромобилдерде жана жөө жүрүүгө болот. Уникалдуу микроклимат, жыл бою эс алуу мүмкүнчүлүгү, сууга түшчү шарттары, экологиялык режимди катуу кармангандыгы (Санья шаарынан 100 км радиуста өндүрүш орундарын курууга, деңизге таштанды таштоого тыю салынган. Бүт канализация системалары борборлошкон тазалоо имараттарына бекитилген), өнүккөн жана динамикалуу эл аралык туризми, көңүл ачуу жана дарылануу, кооз кумдуу пляждары, радондуу жана минералдык кайнарларлуу комплекстери, туристсттик каттамдар (тоолуу шартта жана жээкте), катуу ылдамдыктагы трассалар, тарыхый аймактардын болгондугу, аралдагы улуттук азчылыктар – түптүү калк ли жана мяолордун этнографиялык айылдары, Гонконг жана Макаонун жакындыгы, биринчи кезекте албетте ЭКОЛОГИЯсы Хайнань аралын Түштүк-Чыгыш Азияндагы башка курортторунан айырмалайт. Хайнандын түндүк тарабы Лэйчжоу жарым аралынын жээк линиялары менен окшош экендигин көрүүгө болот. Канчалаган доорлор мурда жер титирөөлөрдөн улам Хайнань аралы өзүнчө болуп материктен бөлүнүп кеткен. Аралдын аталышы да ушундан пайда болгон. Хайнанда вулкандар сегиз миң жыл мурда болгон. Ал учурдан калып кеткен вулкан калдыктарынын издеринин туристтер тарабынан аныкталышы буга күбө болуп бере алат. Ээр формасындагы Ма Ань деп аталган белгилүү вулкан бар. Кратерге болгон жол балкымалардан пайда болгон. Кратердин чекелелери тосулуп, ал жерде саякатчылардын вулкан атылып чыккан аңды көрө турган орундуктар курулган. Аңдын кыргактарынан ар кандай бадалдар жана ошол аралда гана кездешүүчү өсүмдүктөрдү көрүүгө болот. Ал эми аралдын дээрлик бүт аймагына парк болуп, пальмалар арасында ачык асман алдына ар кандай ресторандар курулган. Ресторандардын маңдайындагы сахна аянтчалары тургузулуп, анда ар кечте жергиликтүү эл ли жана мяолордун фольклордук майрамдары уюштурулат. Мындай демилгелер айрыкча 1998-жылдан бери аткарылып келет. Вулкандын дагы бир негизги далили анын термалдуу кайнарларынын болгондугунда. Термалдуу кайнарларды аралдын ар жеринен кезиктирүүгө болот. Жапжашыл тропикалык өсүмдүктөр өсүм кеткен мындай кайнарлар коттедж тибиндеги курорт болуп калган. Эң жылуу эсептелген ГУАНТАНЬ кайнарына (орто термалдык суунун температурасы - 70ᵒС-90ᵒС) Цюнхай шаарынын районундагы Ваньцюань дарыясы аркылуу барууга болот. Ваньцюань аралдагы эң чоң үч дарыянын бири (Он миң кайнар куюлушкан дарыя). Суусунун температурасы 45ᵒС - 65ᵒС болгон кайнарлуу өрөөндөрдүн бири Синлун өрөөнү радондон (кыймыл органдары, радикулиттер, ревматизмдер, гинекология) калий-натрийдикке чейинки (нерв системасы оорулары, тери жана дем алуу органдар ж.б.) адам ден-соолугуна пайдалуу табияты менен башка термалдуу кайнарлар айырмаланат Ал жерде (4ᵒС- деңгээлдеги) "Берметтүү", "Канлэ" курорттору жайгашкан. Аталган жерде дарыгерлер кезикпейт, аларга муктаждык да калбайт. Синлундун тропикалык өсүмдүктүү бактарында хайнань чайларынын жана ошол жерде өскөн кофе сортторун дегустациясын көрүүгө болот. • 1998-жылдан баштап туристтердин келүүсүнүн өсүшү орто эсеп менен 40%ти түздү. • Хайнандын Гонконгго географиялык жакын жайгашуусу Москва-Гонконг-Санья (же Хайкоу) учак каттамын ыңгайлаштырат).