Тайвань аралы

Википедия дан
Тайвань аралы.

Тайвань – Кытайдагы провинция. Азиянын түштүк-чыгыш жээгинен орун алган. Тайвань провинциясын материктен Тайвань кысыгы бөлөт. Тайвань аралы жана ага чектеш жаткан аралдар, Пенхумдао аралы да провинциянын курамына кирет. Аянты 36 мин км2. Калкы 23,1 млн (2010); калкынын 98%и кытайлар. Административдик борбору – Тайбэй шаары. Өзүнүн акча бирдиги (тайвань доллары) бар. Тайванды жээктей Юйшань кырка тоосу (бийиктиги 3950 м) созулуп жатса, батышы түздүктүү. Түндүгүндө өчкөн жанар тоолор тобу жайгашкан. Жаратылыш газы, таш көмүр, нефть, алтын кени бар. Климаты түндүгүндө субтропиктик, түштүгүндө тропиктик, муссондук. Январдын орточо температурасы 15–20°С, июлдуку 27–28°С. Жылдык жаан-чачыны 1500–5000 мм. Тезтез тайфундар болуп турат. Нымдуу тропик токою басымдуу. Дарыяларынын суусу мол. Кызыл күрөң токой топурагы мүнөздүү. 3300 м бийиктиктен жогору бадал жана шалбаа өсөт.

Тайвань 13-кылымдан Кытайдын курамында. 18-кылымдын аягында португалиялыктар Тайванга кирип, аралды Формоза (Татына) деп аташкан. 1924-жылы голландиялыктар ээлеп алган. Кийинчерээк аларды кытайлар аралдан кууп чыккан. 1895–1945-жылдары Япониянын бийлиги астында болгон. Экинчи дүйнөлүк согушта (1945) Япония жеңилгенден кийин Кытайга кайтарылган. 1949-жылы КЭР түзүлгөндөн кийин Гоминдань бийлиги кулап, анын жактоочулары Тайванга качып келип отурукташкан. Тайбей Кытай Республикасынын убактылуу борбору болуп жарыяланып, өкмөт аппараты жайгашкан. 1949–71-жылы Тайвандын өкүлү БУУда Кытайдын атынан орун ээлеген. 1990-жылы Кытайдын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, Тайвань менен Кытайдын биригиши жөнүндө каралган, бирок ал ишке ашкан эмес. Ошондой болсо да финансы-экономикалык жактан байланыштар күчөгөн.

Тайвань – экономикалык жактан жогору өнүккөн аймак. ИДПнин көлөмү 717,7 млрд АКШ доллары (2009). Аны киши башына бөлүштүргөндө 29,8 мин доллардан туура келет. Андагы тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү (% менен) 69,2, өнөр жайдыкы 29,2, айыл чарбасыныкы 1,6. 2008-жылы 238,3 млрд кВт∙с электр энергиясы (3/4ү ЖЭСтен, 1/5и АЭСтен) өндүрүлгөн. Машина куруу (анын ичинде жогорку технологиялуу электроника), электр-техникалык (тиричилик муздаткычтары, кир жуугучтар ж. б.), автомобиль (анын ичинде мотоцикл, скутер), кеме куруу өнүккөн. Кара жана түстүү металлургия, химиялык (негизинен нефтьхимиялык), фармацевтика, жеңил (анын ичинде текстиль), тамак-аш – татымал өнөр жай иштейт. Шалы (негизги азык), бал камыш, чай өстүрүлөт. Гүл өстүрүүчүлүк (негизинен экспортко чыгарат), жашылча-жемишчилик өнүккөн. Чочко асыралып, үй куштары багылат. Балык кармалып, деңиз азыктары даярдалат. Аква маданий өсүмдүктөрү (омурткасыздар, балырлар ж. б.) өстүрүлөт. Автомобиль жолунун узундугу (миң км менен) 40,8, темир жолунуку 1,6. Башкы деңиз порттору: Гаосюн, Цзилун (Тайбейдин аванпорту), Тайчжун. Экспортко электроника, тиричилик электр буюмдары, химикаттар, дары-дармектер, текстиль чыгарылат. Негизги соода шериктештери: Кытай, Япония, АКШ, Түштүк Корея, Европа союзуна кирген өлкөлөр, Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрү ассоциациясы.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]