Шицзячжуан

Википедия дан

Шицзячжуан, Шимэнь - Түндүк Кытайдагы шаар.

Хэбэй провинциясынын адм. борбору. Калкы 2,4 млн (2010; агломерациясы менен 3,1 млн). Жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар. Ири фармацевтика, текстиль өнөр жай-нын жана сүт азыктарын дүң таратуунун борбору. Marnıma куруу (электроника приборлору, автомобиль, самолёт Ү-5, россиялык АН-2 самолётунун кытайлык версиясы), нефть ажыратуу, нефть-химиялык, химиялык (азот жер семирткичтери), тамак-аш (негизинен сүт азыктары), курулуш материал ж. б. өнөр жай ишканалары иштейт. Маалымат технологиялары, фармацевтика жана медицина тармактарында илимий-изилдөө жана тажрыйба констриктивдик иштеп чыгуулар өнүгүүдө. Көптөгөн венчур (тобокелдүү) компаниялары иштейт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4