Айламор

Википедия дан

Айламор (орусча Илья Муромец) — каарман. Сагымбай Орозбаковдун вариантында гана кездешүүчү «Түндүккө чабуул» аттуу окуяда Манас менен кармашкан эпостук баатырлардын бири. Айламор орус элинин баатырдык эпосторунун (былиналарынын) Киев циклине кирген варианттарында айтылуучу каарман Илья Муромецтин ысымынын манасчы тарабынан кыргызчаланып айтылышы. А. — кыргыз элинин эпикалык чыгармачылыгындагы орус эпосторунан өздөштүрүлгөн образдардын эң ириси. Аталган эпизоддордо Манас түндүктө жашоочу элдерге чабуул жасап, аларды багындырат. Орус баатыры Айламор менен сайышка түшүп, анан кылычташууга өтөт. Акырында Айламордун Дөңкара аттуу аты аны ала качып жөнөйт. Ошентип, Айламор жеңилип, орустар Манаска 300 сулуу кыз тартуу берет да «Атабыз Жаяпис бир» деп элдешип кайтат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]