Ак-Буура суусу
Көрүнүш
Ак-Буура суусу | |
|---|---|
| Мүнөздөмө | |
| Узундугу | 136 км |
| бассейндин аянты | 2 540 км² |
| Суу агымы | |
| Аягы | Кара-Дарыя |
| Жайгашкан орду | |
| Өлкө | |
Ак-Буура суусу – Кара-Суу жана Ноокат районунун аймактары аркылуу аккан суу, Кара-Дарыянын сол куймасы. Узундугу 136 км, алабынын аянты 2540 км2. Алай кырка тоосунун түндүк капталынан башталып, Ак-Буура капчыгайы аркылуу агат. Жогорку агымы Кичи Алай, ортоңкусу Турук деп аталат.
Ак-Буура Ош шаары аркылуу агып өтөт.
Куймалары: Челкилдек, Кырк-Кечүү, Талдыбулак, Кошмойнок (оң), Жиптиксуу, Чугам,Талдыбулак (сол). Апрелде кирип, сентябрда тартылат.
Жылдык орточо чыгымы 21,4 м3/сек; байкалган эң көбү – 331 м3/сек,эң азы – 6,25 м3/сек.
Негизинен сугатка пайдаланылат. Ош шаарын суу менен камсыз кылат. Боюнда Төлөйкөн, Турук, Папан жана башка кыштактар бар.