Кырк-Кечүү
Көрүнүш
Кырк-Кечүү, Кырк Кечик — Ак-Бууранын оң куймасы; Кара-Суу районунундагы суу. Узундугу 45 км, алабынын аянты 425 км2. Алай кырка тоосунун түндүк-чыгыш тармагы Ак-Туур тоосунун түндүк-батыш капталынан башталат.13 куймасы бар; ирилери: Берксуу, Талды-Булак (сол). Негизинен кар, мөңгү сууларынан куралат. Жылдык орточо чыгымы 3,10 м3/сек. Эң көбү июнь—июлда, эң азы февралда байкалат. Сугатка пайдаланылат. Боюнда Чыргай, Кызыл-Ой, Ак-Терек ж. б. кыштактар жайгашкан.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104-9
- Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргызстандын географиясы Archived 2014-07-14 at the Wayback Machine ISBN 9967-14-006-2