Мазмунга өтүү

Ажы бий

Википедия долбоорунан

Ажы бий — 18чи кылымдын 2-жарымындагы саясий ишмер, Алай-Фергана аймагындагы саясий окуяларга жигердүү катышкан кыргыз төбөлдөрүнүн бири.

Адыгине уруусунун баргы уругунан. Кытай тарыхый булактарында 1759-ж. июнь айында Ажы бий баш болгон төрт кыргыз бийи Кокон шаарын бийлеген Ирдана бий м-н тышкы душмандарга каршы бирге болууга багытталган достук келишим түзгөндүгү ж-дө айтылат. 1759-ж. сентябрь айында А.б-дин конуштарына Кытай императорунун элчиси Доктан келип, ага Кытай империясы м-н саясий-дипломатиялык ж-а соода-сатык келишим түзүү ж-дө чакырык-жарнама ж-а кытай мөөрүн тапшырган. Ошол эле жылдын аягында Ажы бий өзүнүн элчиси Сары Күчүктү Кашкардагы Кытай империясынын башкаруучусу Чжао Хойго жиберген.

1760-ж. Ирдана бий Алайда тонолгон Кокон көпөс-төрүн ишин шылтоолоп Ош, Өзгөн шаарына чейин жортуулга келген. Ажы бий жооп иретинде 1761-ж. Коконго жасалган ийгиликсиз жортуулдан кийин, кайра Алай тарапка чегинген. Кытайга элчи Элэтаодини жиберип, Кокон бийин тартипке чакыруусун өтүнгөн. Ошол эле учурда Кыргызстандын түндү-гүндөгү кыргыздардын кол башчысы Маматкул бийден Ирданага каршы колдоо сурап, өзүнүн тууганы Арзыматты жиберген. Маматкул бий жардам кылуу ниетинде бугу уруусунун кол башчысы черик жана саяк уруусунун бийи Темиржандын жигиттерин жортуулга даярдаган. Бирок саясий кырдаал татаалдашып, кытай аскери Түркстан тарапка баскынчылык чабуулга өтөт экен деген имиш тараган. Бул аймактагы кыргыздар биримдикке келе башташкандыктан, Ирдана бий Ош жана Өзгөндөн өз ыктыяры менен чыгып кеткен. 1764-ж. жазында Ирдана бийдин Оротөбөдөгү чатактарга алагды болгонунан пайдаланып, Ажы бий Коконго жортуул уюштурган. Жортуул ийгиликсиз аяктап, кармашта жараат алган А. б. Ирдана бийге туткунга түшкөн, бир маалымат б-ча коё берилген, экинчиси боюнча даргага асылган. Ажы Бий кытай Цинь империясынын батышка көздөй жол алган жоортулуна даярданып, тогуз миңдик армиясын женген.

Булактар

Булак 1: Кыргыз Инфо Archived 2021-09-22 at the Wayback Machine Булак 2: Биздин Archived 2022-01-23 at the Wayback Machine