Мазмунга өтүү

Тилеке баатыр

Википедия дан

Тилеке (Жамаке) баатырКыргыз мамлекеттүүлүгү үчүн күрөшкөн тарыхый инсандардын бири. Кыргыздын адигине тобунун жол башчысы. Махмуд ибн Вали'нин «Бахр ал ө Асрар» эмгегинде «XVII кылымынын башында кыргыздардын башында Тилеке бий турган көз карандысыз улусу (ээлиги) болгон.[1]

Тилеке (Жамаке) Саруу уулу
 
Каза болгон жери: Чыйырчык ашуусу, Алай району
Уруусу: Саруу уруусу
Атасы: Саруу Каранай уулу
Балдары: Көнөк-баатыр
Койсары бий
Ажы бий
Кесиби: Баатыр

Тарыхый булактарга таянсак, Тилеке бий 17-кылымда өз алдынча урууну башкарып, ээлиги Аксу, Үч-Турпан жана Фергана өрөөнүн ээлеп жаткан. Ал Чыгыш Түркстандагы саясий окуяларга да активдүү аралашып турган. Могол хандыгынын так ээси Мухаммедхан өлгөндө Тилеке бий эки миң колу, ага Ботокара бийдин 3 миң колу кошулуп, жалпы 5 миң кол менен Чыгыш Түркстандагы Аксуу, Үч-Турпан шаарларын талап тоногон. Мухаммед хандын небереси Тимур султан аскери менен аларга каршы аттанган. Эки кол беттешкенде Тилеке бий өзүнүн эки миң колу менен бир жылгада бекинип, салгылашуунун жүрүшүн карап турган. Ботокара бий 3 миң колу менен моголдорго каршы салгылашууга жалгыз кирген да, жеңилүүгө дуушар болгон.2 миң жоокеринен ажырап, 1миң колу менен колго түшкөн. Ошондо гана Тилеке бий курун мойнуна салып, Тимур султандын алдына кол куушуруп, кечирим сурап келген.
Тимур султан чоң атасын Мухаммед хандын өлгөнүн ошолордон угуп, аларга кечирим берген. Бул маалыматтар Махмуд Чорос менен Махмуд ибн Валинин эмгектеринде сакталып калган. Жазма тарыхый булактарда Тилеке бий жөнүндө мындан башка маалыматтар кездешпейт. 2011-жылдын 23-июль күнү Алай районундагы Чыйырчык жайлоосунда ажайып Ала-Тоонун алты дубан аймагынан чогулган Кыргызстандын көп улуттуу калкы Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөгө өзүнүн чон салымын кошкон айтылуу Тилеке баатырдын айкели чон салтанат менен ачылып, анын ашы берилген.

Маалымат булагы:

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

<<Алай таны>> гезити. 2011-жыл, 26-июль.

  1. https://neb.kg/index.php/ky/region-ky/oshskaya-oblast-ky/item/1365-tileke-baatyr-kyrgyz-elinin-chygaan-uulu