Инсан

Википедия дан

Инсан, саясаттагы инсан – 1) өзүнө тиешелүү интеллектуалдык, эмоциялык, эрктик жекече белгилери жана сапаттары бар адам ; 2) адам мамилелеринин жана аң-сезимдүү ишкердүүлүктүн субъекти катары ; 3) адамды коомдун мүчөсү же калктын бөлүгү катары мүнөздөөчү социалдык маанилүү белгилердин туруктуу системасы. Саясаттагы инсан төмөнкүлөрдү камтыйт: инсандын саясий баалуулуктарга багыт алуусунда жана саясий жүрүм-турумунда көрүнүүчү жекече социалдык, биологиялык, психика-физиологиялык жана руханий сапаттар; адам тарабынан саясий мамилелерге кандайдыр бир социалдык топтун таптык, этностук, кесиптик, конфессиялык, демогр. жана башкалар өкүлчүлүк кылуусу; жаран катары, коомдук саясий уюмдун мүчөсү катары белгилүү бир социалдык саясий статуска ээ болгон салыштырмалуу өз алдынчалык жана ар кандай деңгээлдеги активдүүлүктүн, ишмердүүлүктүн бүтүндүгү. Инсан саясаттын субъектилеринин алгачкысы болуп эсептелет. Саясий субъект катары инсан коомдогу саясий процесстерге жана саясий бийликке таасир тийгизүү менен төмөндөгүдөй негизги түрлөрдөн турат: саясатты танган, саясий процесстерден четтеген жана өзүнүн саясатка катышуусуна терс мамиле кылган адам пассивдүү инсан; саясатка болгон кызыкчылыгы аз, ага кээде эле катышкан же анын маанисин жакшы түшүнбөй туруп, үстүртөдөн сындаган инсан жаран коомдук уюмдун мүчөсү; коомдук кыймылдын катышуучусу, саясий практиканын чөйрөсүнө катышкан, шарттуу түрдө кошулган инсан коомдук, коомдук-саясий ишмер, саясий ишмердүүлүктү өзүнүн негизги иши кылып алган профессионал саясатчы; саясий жетекчи, эң жогорку деңгээлде уюмдашкан, идеялык, формалдык же формалдык эмес лидер. Инсандын саясатка катышуусу анын саясий билими, маданияты жана саясий социалдашуусунун даражасы менен шартталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]