Чыйырчык

Википедия дан

Чыйырчык"Манас" эпосундагы топоним. Кыргыздар жана ага жамаатташ элдер мекендеген жерлердин бири. Жакып Манаска колукту издеп жер кыдырганда Ч-тын кырынан өтүп, Ташкенге келет (Сагымбай Орозбаков, 1. 340). Каныкейдин жомогунда Букардан Таласка келаткан жолдо Семетей Сыр-Дайрадан өткөндөн кийин "Чыйырчык, Салар эки өзөнгө" (Саякбай Каралаев, "Семетей", 1. 146) туш келери айтылат. Географиялык реалияда Ч. (Чырчык) Ала-Тоонун күн-батыш кыркаларынан куралган дарыя, Сыр-Дарыянын оң куймасы.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4