Окуя

Википедия дан

Окуя – мыйзамда укук мамилелери менен байланыштырылуучу юридикалык фактылардын бир түрү. Адамдардын эркине жана аң-сезимине көзкарандысыз, объективдүү түрдө келип чыгуучу табигый кубулуштар (жагдайлар) окуя болуп эсептелет (суу ташкыны, жер титирөө, төрөлүү, өлүм д. у. с.). О-нын эркке башийбестик мүнөзү тууралуу кеп болгондо, анын келип чыгышынын себеби эмес, окуянын конкреттүү укук мамилелерине таасир көрсөтүү жүрүмү эсепке алынат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]