Батыш түрк кагандыгы

Википедия дан
Кыргызстан желеги Кыргызстан тарыхы
Кыргызстандын байыркы тарыхы
Таш доору
Коло доору
Андронов маданиятыЧуст маданияты
СактарУсундарКангүйХунндарДабан
Түрк доорундагы Кыргызстан
Түрк кагандыгы (552603)
Батыш кагандык (603704)
Түргөш кагандыгы (704756)
Карлук кагандыгы (756940)
Караханийлердин мезгилиндеги Кыргызстан
Караханийлер (9401212)
Батыш-Караханийлер (10401212)
Чыгыш-Караханийлер (10421212)
СелжукийлерКаракытайлар (11401218)
Наймандар
Моңгол доорундагы Кыргызстан
Моңгол империясы (12061368)
Чагатай улусу (12221370)
Моголстан (13461705)
Теңиртоо кыргыздарынын тарыхы
Алатоо-Кыргыз дуалдык мамлекеттүүлүгү (XVI-XVII)
Жуңгар хандыгы
Каратегин кыргыздарыБатыш кыргыздары
Арка кыргыздары
Кокон хандыгы (18311876)
Орусия империясынын курамында
Орусия империясынын курамына кириши (18551876)
Түркстан генерал-губернаторлугу (18671886)
Түркстан крайы (18861918)
ССР Союзунун курамында
Кара-Кыргыз АО (19241925)
Кыргыз АО (19251926)
Кыргыз АССРи (19261936)
Кыргыз ССРи (19361991)
Кыргыз Республикасы (1991—учур)
Портал | Категория
Батыш түрк кагандыгы (612-630).

Батыш түрк кагандыгы – 581–704-жылдары азыркы Кыргызстан, Казакстан жана Чыгыш Түркстандын аймагын ээлеген мамлекет. Түрк кагандыгы 581-жылы жиктеле баштап, 603-жылы биротоло Батыш жана Чыгыш Түрк кагандыктарына бөлүнгөн. Батыш түрк кагандыгынын борбору Чүй өрөөнүндөгү Суйаб шаары болгон.

Мамлекеттин башында каган турган. 7-кылымдын башында Батыш Түрк кагандыгы абдан гүлдөп, ага Самаркан менен Бухараны ээлеген Согду мамлекети жана Чыгыш Түркстандын эли (дулу жана нушиби уруулук бирикмелеринен турган «он ок эли») кирген. Батыш түрк кагандыгы 704-жылы Түргөш кагандыгынын курамына кошулган.

VII к. башында Батыш Түрк кагандыгы «Он ок эли» мамлекетинин аты менен аталган. Ашина династиясынын мамлекет башчыларынын расми титулдары болуп түрктүн »жабгу каганы» же «он ок элинин каганы» эсептелинген. Мамлекеттин аты да, кагандардын официалдуу титулдары да жетекчи абалды «он ок бодун» («он ок эли») ээлеп турганын далилдеп турат. Себеби бул эл Борбордук Азиядан келген түрк урууларынан эмес, Теңир-Тоонун жергиликтүү эли эле. Эң чон эки бирикмеден: беш уруу бирнгип «нушиби» конфедерациясын түзүп, Сыр-Дарыядан Чүй суусуна чейинки жерди ээлеп турган, экинчи беш ууру эл «дулу» деген жалпы ат мекен Чүй дарыясынан тартып Алтай менен Жуңгария аймактарына жайгашкан. Батыш Түрк кагандыгынын курамына Чыгыш Түркстан, Орто Азия чөлкөмдөрүнүн дыйканчылыкка ыңгайлуу жерлери, Арал боюндагы, Түндүк Кавказдагы талаалар кирген. Анын административдик-саясий борбору болуп алды менен Талас өрөөнүндөгү Миң-Булак, 618-ж. баштап Суяб шаары (Токмок шаарына жакын жаткан Ак-Бешим шаар урандылары) эсептелинген.

Батыш түрктөрү өз ич ара салгылашуунун кесепетинен Тон жабгу кагандын бийлигинин тушунда гана (618-630-жж.) кутулушту. Замандаштары ага саясий жактан да, аскердик жактан да жогорку баа беришкен. «Ал эч нерседен тартынбаган жана баарын алдын ала билген көрөгөч адам болгон. Кандай кармашуу болсо да жеңиш менен аяктаган» деп жазышат кытай жылнаамачылары. Тон жабгу-каган антиирандык саясатты активдүү жүргүзгөн. Ийгиликтүү чабуул коюунун натыйжасында ал Ирандан Тохарстанды тартып алып, Афганстанды бүт бойдон жана Индиянын түндүгүн ээлеген. Византиянын императору Ираклий менен келишим түзүп, Ирандын Закавказьедеги ээлеп турган жерине кол салып, Дербент, Тбилиси жана Партав шаарларын каратып алган.

Тон жабгу каган маанилүү саясий-административдик реформа жүргүзүп, көчмөн эл менен Орто Азиянын оазистеринде жана Чыгыш Түркстанда жашаган даражалуу адамдардын укуктарын теңеген.

VII к. аягында Кытайда Тан династиясы (618-907-жж.) күч алган. Кытайдын императору Тайцзун башкарган феодалдык төбөлдөрү басып алуучулук согуш жолуна түшүшкөн. Тан башкарган Кытайдын маанилүү тышкы саясатынын бири Улуу Жибек жолун ээлөө болуп эсептелинген. 630-ж. кытай аскерлери көчмөн тогуз өгүз уруусу менен бирдикте Чыгыш Түрк кагандыгын талкалаган. Ар кандай түрк отряддарынын күчү менен 640-ж. Тайцзун Гаочан мамлекетин (Турпан оазисинде) басып алып, өз бийлигин орноткон. Бул жер ал үчүн Батыш Түрк кагандыгына чабуул коюунун базасы болуп калган. Көп жылдар бою батыш түрктөрү Чыгыш Түркстандын элдери менен бирдикте душмандардын мизин кайтарып келишкен. Согушта ийгилик бирде бул тарапта, бирде тигил тарапка өтүп турган. Акырында Иле дарыясында (565-ж.) болгон салгылашууда Кытай полководеци Су Динфан Ышбара кагандын аскерлерин талкалаган. Ышбара каган болсо өз аскерлери менен Чүй өрөөнүнө чегинет. Ал ушул жерден биротоло талкаланып, өзү колго түшүп, эки жылдан кийин өлтүрүлөт.

Тээ алыста жаткан Теңир-Тоо жергесине реалдуу бийлик жүргүзүлүүгө мүмкүнчүлүгү жок болгондуктан Таң императору он ок элинин башына Ашина династиясынын батыш бутактарынын өкүлүн койгон. Марионеткалык кагандар элдин урматтоосуна жетише алышкан эмес. Кагандык улам начарлай берген. Ашина династиясынын 23-каганы акыркысы болгон. Аны 704-ж. Кулан шаарында (азыркы ЬСазакстандын Луговая станциясына жакын) түргөштөр өлтүрүшкөн. Ошентип Жети-Сууда жана Тенир-Тоодо түргөш кагандарынын династиясы бийликке келген.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия” Бишкек 2003.
  • “Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору”
  • “И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети”
  • “Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанков”.
  • “Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”

Интернеттик шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]