Андронов маданияты

Википедия дан
Кыргызстан желеги Кыргызстан тарыхы
Кыргызстандын байыркы тарыхы
Таш доору
Коло доору
Андронов маданиятыЧуст маданияты
СактарУсундарКангүйХунндарДабан
Түрк доорундагы Кыргызстан
Түрк кагандыгы (552603)
Батыш кагандык (603704)
Түргөш кагандыгы (704756)
Карлук кагандыгы (756940)
Караханийлердин мезгилиндеги Кыргызстан
Караханийлер (9401212)
Батыш-Караханийлер (10401212)
Чыгыш-Караханийлер (10421212)
СелжукийлерКаракытайлар (11401218)
Наймандар
Моңгол доорундагы Кыргызстан
Моңгол империясы (12061368)
Чагатай улусу (12221370)
Моголстан (13461705)
Теңиртоо кыргыздарынын тарыхы
Алатоо-Кыргыз дуалдык мамлекеттүүлүгү (XVI-XVII)
Жуңгар хандыгы
Каратегин кыргыздарыБатыш кыргыздары
Арка кыргыздары
Кокон хандыгы (18311876)
Орусия империясынын курамында
Орусия империясынын курамына кириши (18551876)
Түркстан генерал-губернаторлугу (18671886)
Түркстан крайы (18861918)
ССР Союзунун курамында
Кара-Кыргыз АО (19241925)
Кыргыз АО (19251926)
Кыргыз АССРи (19261936)
Кыргыз ССРи (19361991)
Кыргыз Республикасы (1991—учур)
Портал | Категория

Калып:Маданий-тарыхый жалпылык

Андронов маданияты (маданий-тарыхый жалпылык)коло дооруна таандык б. з. ч. XVII—IX кылымдардагы Батыш Сибирди, Орто Азиянын батыш бөлүгүн, Түштүк Уралды кучагына алган өз ара жакын археологиялык маданияттар тобунун жалпы аталышы.

Ачылыш тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Аталышы Ачинскке жакын Андроново айылынан, 1914-жылы А. Я. Тугаринов тарабынан алгачкы өлүк көмүү жерлери табылган жерден улам келип чыгат.

Андронов маданияты 1927-жылы советтик археолог С. А. Теплоухов тарабынан белгиленген эле. Изилдөөлөрдү ошондой эле археолог К. В. Сальников жүргүзүп, 1948-жылы андронов маданиятынын эстеликтеринин биринчи классификациясын сунуштаган. Ал үч хронологиялык этапты; фёдоров, алакөл жана замараев дегендерди бөлүп чыгарган.

Учурда андронов маданиятынын курамында аз өлчөм боюнча 4 тууган маданияттар берилет:


Андронов маданияты.Бул маданияттын алыскы түштүк-батыш менен байланышы болгону байкалат; мында кечээ жакында эле кечирээк мезгилге таандык болгон окшош типтеги маданият табылган жана ал б.з.ч. доорлордо 1500—1000-жыл бою өнүгүп отурган.

Сөз байыркы минусиндиктер дин чарбасынын жана социалдык түзүлүшүнүн өнүгүшүнүн кийинки этаптары жөнүндө, андронов маданияты деп аталган маданият жөнүндө болуп жатат. Бул маданият ушул типтеги эстеликтер биринчи жолут абылган Минусин крайынын Ачинск районундагы Андронов кыштагынын аты менен аталган.

Андронов маданиятынын бейиттери сыртынан караганда мурдагы өткөн мезгилдеги бейиттердин тиби менен бир кыйла окшош келет. Мында да бейиттин айланасы тегерете же төртбурчтук түрүндө таш менен курчалган. Кээде бейиттин үстүндө анчалык бийик эмес топурак үйүлгөн. Көрүстөндөрдүн ар биринде 12 бейит бар. Анчалык терең эмес казанактын ички беттери жыгач же таштакталар менен бекемделген.

Андронов көрүстөндөрү афанасьевдикине караганда биркыйла өнүккөн маданият экендиги жөнүндө кабарлайт. Мындаформалары ар түрдүүболгон, сапатыжакшыкарапакөңүлдү бурат; алар үчбурчтук, ромб, фестон, меандр ж.б. түрүндөгү ар түрдүү оймо-чиймелер менен кооздолгон идиштердин формалары да башкача. Эгерде афанасьев идиштеринин түбү шиштигийкелип, оттун күлүнө тереңирээк батырып коюуга ылайыкталса, андронов идиштеринин түбү жалпак келип, турак-жайдын таманынын түз экенинен жана ал жайтуруктуу жашоого ылайыкталганынан кабар берет.<

Адамдар эми жездин ордуна колону эритип алууну үйрөнүшкөн. Колонун сапатынын акырындык менен жакшырышы кооздук үчүн жасалгаларды жасоо менен катар, эмгек куралдарын да куюп жасап алууга мүмкүндүк берген. Адамдар эми колодон жоо-жарактарды (миздүүбалталар, бычактар же канжарлар, тешкич, найзалардынучтары) жана эмгек куралдарын — шибеге, орокжасашкан. Эрити пкуюу металл буюмдарды жасоонун негизги ыгы болуп калган, ал эми чыңоо ыгы болсо шаймандын мизин, учтарын чыгарууга жана курчутууга гана пайдаланылган. Химиялык жол менен колонун курамын талдоо, казылып алынган таштан жасалган куюу формалары жана буюмдардын түрлөрүнүн көптүгү, ошондой эле, жез, коло жана алтын алуу үчүн жер алдындагы кен казып алынган терең жайлар металлургия өндүрүшүнүн өнүккөнүнөн кабар берет.

Мал чарбачылыгы менен кетмен колдонулган дыйканчылыктын андан ары өнүгүшү андронов тибин деги маданияттагы өтө маанилүү нерсе болуп саналат. Археологдор тарабынан казылган бардык бейиттерде жалаң гана үй жаныбарларынын — койдун, өгүздүн, жылкынын сөөктөрүнүн табылганы мал чарбачылыгынын өнүккөнүн айгинелейт. Ушул мезгилге таандык болгон конуштарда үй жаныбарларынын сөөгү жапайы жаныбарлардыкын акараганда алда канча көптүк кылат. Жапайы жаныбарларды нтабылган сөөктөрү мурдагы мезгилге салыштырганда экинчи пландат урган болсо да, мергенчиликтин сакталып калганынан кабар берет. Үй жаныбарлары адамдарга эт тамак - аштарын гана бербестен, жүн да берген; адамдар ал жүндөн кездеме токууну да үйрөнүшкөн, буга бир бейиттен табылган жүн кездемеден жасалган анчалык чоң эмес тумак күбө боло алат.

Андронов маданияты доорунда адамдын отурукташуусунун өнүккөнү бейит курулуштарынын мүнөзү менен гана эмес, ошондой эле изилденген конуш жайларынын өзгөчөлүгү менен да далилденип отурат; бул болсо дыйканчылыктын пайда болушу менен шартталып, мал чарбасынын муктаждыгынан улам — жем-чөп даярдоого байланыштуу өсүпчыкканы шексиз; буга жера йдоочу куралдарга караганда сан жагынан алдаканча көп болгон ороктун кеңири тараганы далил. Жер айдоочу куралдардан конуштардын биринен (Александровка кыштагы) табылган сөөк кетмендер гана белгилүү.

Бул мезгилдеги социалдык мамилелердин өнүгүшү патриархалдык мамилелердин анда наркы өнүгүшү жана чыңалышы менен коштолгон. Мындагы мүнөздүү нерсе, жалгыздап көмүлгөн эркектердин бейиттери дээрлик жок болуп калган эле. Өз алдынча патриархалдык үй-бүлөнүн пайда болушу мүлк жагындагы теңсиздиктин башталышынан көрүнүп, айрым бейиттердеги буюм-тайындардын ар түрдүүлүгүнөн да байкалыптурат. Эми биркыйла бай жана жарды бейиттер пайда боло баштаган. Согуштар мал чарбачылыгынын өнүгүшүнүн жана байлыктын көбөйүшүнүн түздөн- түз натыйжасы болгон, ал жоо-жарактын жаңы түрлөрүн талап кылган. Жоо-жарактар эмгек куралдарынан ачык айырмаланып, алар жакшы жана кылдаттык менен жасалып, кооздоло баштаган.

Андронов маданиятынын өзгөчөлүгү анын өтө кеңири жайылгандыгында, мындай жайылуу алмашуунун өнүгүп жаткандыгынын гана эмес, бүткүл мурдагы тарыхый процесстин да натыйжасы десе болот.

Эмнеси болсо да, биз эми Енисейден тартып батышка, Хорезмге чейин тараган маданиятты көрүп отурабыз. Ошондой болсо да, белгилеп кете турган нерсе, Хорезм маданияты түштүк сибирдик маданиятка жакыныраак келет. Андронов маданиятынын эстеликтери Обдо, Алтайда, борбордук жана чыгыш Казахстанда жана да, акырында, Арал деңизинин бойлорунда жолугат. Андронов тибиндеги буюмдар Түндүк Тянь-Шандын этектеринде, Ысык-Көлдө жана Сокулук суусунун алабында табылган.

Енисейдин андронов маданияты мына ушул зор аймактагы бирдиктүү маданий комплекстин эң четки чыгыш варианты болупсаналат. Енисейдин түштүгүрөөк жана чыгышыраак тарабында бул маданияттын издери али күнгө чейин табылганжок. Андронов маданияты тараган бардык аймактарда жергиликтүү айырмачылыктар бар экени байкалат, алсак, Алтай жана Минусин крайынын маданияты бири-бирине жакын, ал эми коло маданиятынын казакстандык варианты булардан айырмаланып турат. Хорезмдин таза багьян маданиятынын да өзүнчө жергиликтүү белгилери бар. Коло маданиятынын Кыргызстандагы эстелик-тери кокустан табылган эстеликтерден жана бир кенчтен турат, ошондой болсо да, түндүк Кыргызстан колосунун өзүнө таандык өзгөчөлүктөрү бар экендигин айтууга болот. А түгүл ушул айтылган аймактын чектеринде да биркыйла алыскы жерлерден, атап айтканда, Чыгыш Европада жаралган эстеликтердин бар экенин байкайбыз. Буларга сеймин тибиндеги деп аталган келттер (тешкичтер) (Ока); кооздук жасалгалардын айрым түрлөрү жана д.у.с. таандык.

Енисейден тартып Уралга чейинки аймакта өнүккөн кеңири маданияттын өзөзгөчөлүгү бар бир бөлүгүн түзгөн жана ал мал чарбачылыгынын калыптанышына байланыштуу пайда болгон; бул мал чарбачылыгыдый канчылык жана аңчылык менен айкалышып, патриархалдык үй-бүлөнүн жана этностук жактан бир тектүү эмес болсо да, эң болбоду дегенде мал чарбачылыгы менен кесиптенген жакын урууларды бириктирген алгачкы уруулук союздардын түзүлүшүнө негиз болгон.

Тиркемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Спицына Л. Зов веков Archived 2013-04-25 at the Wayback Machine
  2. Матвеев А. Снова об Ингальской долине Archived 2013-04-25 at the Wayback Machine