Мазмунга өтүү

Кангүй

Википедия дан

Кангүй же Каңгүй(кыт. 康居 – канцзюй)Борбордук Азиядагы байыркы эл же мамлекеттик бирикменин аталышы. Этникалык тарыхы жана алардын кайсы тилде сүйлөгөнү азырынча белгисиз.

Каңгүй мамлекети
Каңгүй тамгасы.

Каңгүй. 200 жыл б.з.ч.
Кыргызстан желеги Кыргызстан тарыхы
Кыргызстандын байыркы тарыхы
Таш доору
Коло доору
Андронов маданиятыЧуст маданияты
СактарУсундарКангүйХунндарДабан
Түрк доорундагы Кыргызстан
Түрк кагандыгы (552603)
Батыш кагандык (603704)
Түргөш кагандыгы (704756)
Карлук кагандыгы (756940)
Караханийлердин мезгилиндеги Кыргызстан
Караханийлер (9401212)
Батыш-Караханийлер (10401212)
Чыгыш-Караханийлер (10421212)
СелжукийлерКаракытайлар (11401218)
Наймандар
Моңгол доорундагы Кыргызстан
Моңгол империясы (12061368)
Чагатай улусу (12221370)
Моголстан (13461705)
Теңиртоо кыргыздарынын тарыхы
Алатоо-Кыргыз дуалдык мамлекеттүүлүгү (XVI-XVII)
Жуңгар хандыгы
Каратегин кыргыздарыБатыш кыргыздары
Арка кыргыздары
Кокон хандыгы (18311876)
Орусия империясынын курамында
Орусия империясынын курамына кириши (18551876)
Түркстан генерал-губернаторлугу (18671886)
Түркстан крайы (18861918)
ССР Союзунун курамында
Кара-Кыргыз АО (19241925)
Кыргыз АО (19251926)
Кыргыз АССРи (19261936)
Кыргыз ССРи (19361991)
Кыргыз Республикасы (1991—учур)
Портал | Категория

Кытай тарыхынын маалыматтарына караганда б. з. ч. II-кылымдан — б. з. IV-кылымдарга чейин алар түндүк-батышынан Арал деңизи, Аму-Дарыя, Сыр-Дарыянын аралыгындагы бир катар жерлерди ээлеп, кээ бир учурда ээлиги Фергана, Согду (Согдиана) менен чектешип турган. Ангрен суусунун төмөнкү агымы, Сыр-Дарыянын оң жээгиндеги (Өзбекстан) Ак-Коргон шаар калдыгынын орду азыркыга чейин Канга (Канка) деп аталат. В. Томашек (Centralasiatisehe Studied. G. Sogdiana, 1877) жана Ф. Хирттин (Nachworte zur Inschrift des Tonjukuk. Strassburg, 1900.) ою боюнча Кангүй байыркы иран тилинде “Канг” (“Согдунун түшүмдүү түздүгү”) деген маани берип, ал алгач Заравшан ойдуңуна тиешелүү болгон. В. Радлов Кангүйдү байыркы түрк урууларынын бири – каңдыга (каңлы) байланыштырат (Баласагуни Ю. Кутадгу билиг. СПб., 1890). Батыштагы коңшусу сармат-алан уруулары, чыгышында усундар турган. Б. з. ч. 42-ж. хунндар менен бирдикте усундарга каршы жортуулга катышып, Ысык-Көл өрөөнүндө жайгашкан байыркы шаар – Кызыл-Суу (Чи-гу-чен) кыйратылган. Б. з. ч. II-кылымда грек-бактрия падышалыгынын талкаланышына салым кошуп, б. з. ч. I-кылымда кытайлыктарга каршы хунндар менен союз түзгөн. Хунндар массалык түрдө батышка жылышы кангүйлөр мамлекетинин жок болушуна себеп болгон.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • Бичурин Н. Я. (Ианкиф). Собрание сведений о народах, обитавших в средней Азии в древние времена. В 3-х т. А., 1998.

Интернеттеги шилтемелер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Каңгүй мамлекети Archived 2016-06-24 at the Wayback Machine