Кыргызстандагы таш доору

Википедия дан
Кыргызстандагы таш доорунан калган эстеликтердин ордулары (А.Абдыканова, К.Акматов)
Кыргызстан желеги Кыргызстан тарыхы
Кыргызстандын байыркы тарыхы
Таш доору
Коло доору
Андронов маданиятыЧуст маданияты
СактарУсундарКангүйХунндарДабан
Түрк доорундагы Кыргызстан
Түрк кагандыгы (552603)
Батыш кагандык (603704)
Түргөш кагандыгы (704756)
Карлук кагандыгы (756940)
Караханийлердин мезгилиндеги Кыргызстан
Караханийлер (9401212)
Батыш-Караханийлер (10401212)
Чыгыш-Караханийлер (10421212)
СелжукийлерКаракытайлар (11401218)
Наймандар
Моңгол доорундагы Кыргызстан
Моңгол империясы (12061368)
Чагатай улусу (12221370)
Моголстан (13461705)
Теңиртоо кыргыздарынын тарыхы
Алатоо-Кыргыз дуалдык мамлекеттүүлүгү (XVI-XVII)
Жуңгар хандыгы
Каратегин кыргыздарыБатыш кыргыздары
Арка кыргыздары
Кокон хандыгы (18311876)
Орусия империясынын курамында
Орусия империясынын курамына кириши (18551876)
Түркстан генерал-губернаторлугу (18671886)
Түркстан крайы (18861918)
ССР Союзунун курамында
Кара-Кыргыз АО (19241925)
Кыргыз АО (19251926)
Кыргыз АССРи (19261936)
Кыргыз ССРи (19361991)
Кыргыз Республикасы (1991—учур)
Портал | Категория

Кыргызстандагы таш дооруКыргыз Республикасы ээлеген аймактын таш доорундагы тарыхы. Кыргызстандагы таш доору б.з.ч. 2 млн. 600 - 4 миң жылдыктар аралыгындагы мезгилди камтыйт.

Таш доорунун бөлүнүшү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Палеолит (2 млн.600 - 10 миң жылдыктар)[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргызстандагы эң биринчи 1953-жылы палеолиттик таш курал табылган Он-Арча жергеси

Байыркы палеолит (2 млн.600 – 120 миң жылдыктар)[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргызстан жергеси байыркы адамзат калыптанган жерлердин катарына кошулат. Баткен облусундагы, Кадам-Жай районуна караштуу, Айдаркен кыштагына жакын жайгашкан Сел-Үңкүрдө байыркы таш доорунда жашаган байыркы адамзатынын тиштери табылган. Сел-Үңкүрдөгү сөөк калдыктар жана таш куралдар ашель дооруна, башкача айтканда мындан 800-120 миң жыл мурдагы мезгилге таандык. Антрополог изилдөөчүлөр ал тиштерди азиялык Homo erectus тегиндегилерге таандык деп аныктап, Сел-Үңкүр азыркы учурда Борбордук Азиядагы эң байыркы адам тиши табылган эстелик деп жарыяланды. Кыргызстан аймагында ашель доорунда Азиядагы питекантроп жана синантороптор менен мезгилдеш байыркы адам түрлөрү жашаган деген пикир жаралды.

Сел-Үңкүрдө табылган тиштер


Археологиялык казууда табылган куралдар ар кандай эмгек процессине ылайыкташтырылып, даярдалган. Негизгилерине кыргыч сымал куралдар кирет, аны менен аңчылык учурунда өлтүрүлгөн жаныбарлардын этин кесүүгө жана терисин иштетүгө мүмкүн болгон. Башы учтуу куралдар сайуу, кесүү милдетин аткарып, найзанын башы, канжар, бычак катары колдонулган. Куралдар жыгач жана сөөктөрдү иштетүү үчүн пайдаланылган.

Ак-Өлөң табылгалары (Аида Абдыканова)


Ортоңку палеолит (120 - 40 миң жылдыктар)[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мустье доору же б.а. ортоңку палеолит мындан 150-120 миң жылдыктан тартып 40-35 миң жылдыктарга чейин созулган. Ушул учурда Евразияда физикалык түзүлүшү жагынан кыйла өнүккөн палеоантроп - Homo sapiens neandertal кеңири аймакта тараган. Өлгөн адамга болгон «өзгөчө мамиле – атайын көмүү» – калыптанышы келечектеги жалпы адамзат маданиятынын калыптаныш жолундагы жаңы сапаттуу баскычы катары мүнөздөлөт. Орто Азиядагы палеоантроптун - неандерталецтин сөөк калдыктары Өзбекстандагы Тешик-Таштан табылган. Мустье доорунун акыры менен жогорку палеолиттин ортосундагы өткөөл мезгилге (б.э.ч. 50-40 миң жылдыкка) таандык байыркы адамдын баш сөөгүнүн жана тиштеринин калдыгы 2003-жылы Чаткал тоо кыркасынын батыш этегиндеги, Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара аймагында Обирахмат үңкүрүнөн табылган. Батыш Теңир-Тоо кыркасы Чаткал тоолору менен аяктайт. Обирахматта табылган адамдын кулак тушундагы сөөк Теңир-Тоо аймактарындагы адамзаттын калыптанышы боюнча жаңы пикирди жаратууда.

Жогорку палеолит (40 - 12 (10) миң жылдыктар)[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Теке-Секирик табылгалары

Жогорку палеолит доору баштагыдай Homo sapiens sapiens түрүнүн калыптануу мезгили эмес, анын маданиятынын калыптануу мезгили катары кабыл алынып калды. Борбордук Азиядагы жалпы табылгаларга караганда үй куруу, алгачкы үңкүргө сүрөт тартуу искусствосу, алгачкы диний ишенимдер, негизги расалык типтер калыптанган учур. Таштан, сөөктөн жасалган куралдардын түрлөрү даярдалган мезгил. Жогорку палеолитте иштетилген териден кадимкидей кийимдер тигилген. Орто Азиядагы жогорку палеолит доорундагы белгилүү эстеликтеринин бири Ходжа-Гор. Кыргызстан менен Тажикистан чек арасындагы Исфара суусунун өрөөнүндөгү Ходжа-Гор жогорку таш доорундагы мергенчилердин, ташты иштетүүнүн, курал жасоонун бардык түрү мүнөздүү кыска убакыт аралыгындагы сезондуу турагы болгон. Соңку жылдары жогорку палеолитке таандык таш куралдар Кадамжайдагы Капчыгай, Үйташ-Сай, Кочкор өрөөнүндөгү Калмак-Таш, Нарындагы Теке-Секирикте табылды.

Нарын шаарынын чыгыш тарабындагы Теке-Секирик эстелиги

1978-жылы Кыргызстандын чыгыш тарабында жайгашкан Ак-Чуңкур үңкүрүндөгү сүрөттөрдү изилдеген Л.М. Мосолова жаңы пикир жараткан. Окумуштуу Ак-Чуңкурдагы неолит дооруна таандык деп эсептелген сүрөттөрдү Евразиядагы жогорку палеолит сүрөттөрүнө жакын деп эсептейт. Эгерде бул пикир кошумча изилдөө аркылуу такталса, Кыргызстан жергеси байыркы искусство калыптанган аймактардын катарына кошулат.

Кыргызстанда палеолит доорунун эстеликтери адамзаттын тарыхынын алгачкы учурун көп тараптуу далилдөө үчүн көөнөргүс булак катары пайдаланылууда. Мезгил өткөн сайын максаттуу изилдөөлөр учурунда жаңы эстеликтер ачылып изилдөө алкагы кеңейүүдө. Соңку мезгилде палеолиттик эстелик Талас өрөөнүндөгү Күмүштаг суусунун ортоңку агымына жакын жерден табылды. Жаңы табылга сапаттуу кочкул кара өңдөгү таш тегинен жасалган. Кыргызстанда сапаттуу оттук таш теги жайгашкан аймактарда таш доорунун эстеликтерин изилдөө келечектүү.

Мезолит (ортоңку таш доору) - б.з.ч. 11 500-7 миң жылдыктар аралыгы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргызстандагы мезолит доорунан калган эстеликтердин ордулары

Ортоңку таш доору – мезолит мезгили адамзаттын турмушунда зор өзгөрүүлөр менен коштолгон учур. Биринчи кезекте бүткүл жер шарындагы климаттын кескин өзгөрүшү менен коштолгон мезгилде жаныбарлар, өсүмдүктөр дүйнөсү жаңы шарт байыркы адамзаттын турмуш-тиричилигин өзгөрткөн. Климаттык шарттын өзгөрүшү мезолит доорунда жашаган байыркы уруулардын тагдырына көп жактуу таасир тийгизген. Археологияда мезолит деп аталган б.э.ч. 12-7 миң жылдыктар арасы геологиялык мезгил эсептөөдө кабыл алынган голоцен деп аталган мезгил менен удаалаш.

Кыргызстанда терең изилденген мезолиттик эстеликтерге Баткен облусундагы Сох суусунун жогору агымы тараптагы Обишир I-V үңкүрлөрү кирет. Ар бир үңкүрдө археологиялык казуу жүргүзүлүп, Обишир V деп аталган үңкүрдө мезолиттик, неолиттик катмарлар ачылган. Мезолит дооруна таандык Кыргызстандагы көрүнүктүү эстелик Таш-Көмүр үңкүрү болуп саналат. Таш-Көмүр шаарына жакын жерде, Таш-Көмүр ГЭСинин курулушу алдында изилденген. Үңкүрдүн оозунун узундугу 14 м, туурасы 6,5 м, бийиктиги 6 м. Үңкүрдү казуу учурунда мергенчилик, тери иштетүү ж.б. тиричиликке керектелүүчү таш куралдар табылган.

Неолит (жаңы таш доору) - б.з.ч. 6-4 миң жылдыктар аралыгы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Айгыржал-2 табылгалары. Б.з.ч. 11500 - 11700 миң. (Нарын)

Жалпы мүнөздөмөсү боюнча неолит доорундагы ийгиликтер ташты иштетүүнөн жаңы ыкмаларынын пайда болушу (жылмалоо, бургулап тешүү), эмгек куралдарынын жаңы түрлөрүн ойлоп табылышы (балта, көзөөч, кетмен, жаргылчак, орок), чоподон жасалган идиштин пайда болушу, токуучулуктун жана чана өңдүү унааны пайдалануу, ыйгаруучу чарбадан өндөрүүчү чарбага өтүү менен байланыштуу. Неолит доорундагы эстеликтер Кыргызстанда таш куралдар жасоочу таш тектери кездешкен жерлерде көп табылууда. 2012-жылы Нарын шаарынын батыш тарабындагы Айгыржал жана Аламышык жергелеринен неолит дооруна таандык археологиялык маданий катмар ачылды. Куралдар халцедон деп аталган сапаттуу таш тегинен жасалган.

Кыргызстандагы неолит маданияты микропластинадан курал жасоо ыкмасын кыйла өнүктүрүшкөн. Сай таштардан курал жасоо жокко эсе. Ушул учурдагы адамдар бийик тоолуу аймактардагы кийиктерге – аркар-кулжага, эчки-текеге аңчылык үчүн алыска ата турган куралга — жаа жана жебеге муктаж болгон. Торугарттан, Соң-Көлдөн табылган жаа жебелери мергенчилик тиричилиги гана эмес, кылдат жонулган сапаттуу жебе жасоо ыкмасынын жогорку деңгээлин көрсөтүп турат. Обишир маданиятындагы неолиттик катмардан жапайы дан өсүмдүктөрүн, чөптү оруу учун жасалган таш ороктордун табылышы чоң жаңылык болуп эсептелет. Бул табылга өндүрүүчү чарбанын калыптана баштагандыгын далилдеген маалыматтардын бири. Кыргызстанда жайгашкан Обишир үңкүрүндөгү бул маалымат абдан маанилүү.

Энеолит (жез-таш доору) – б.э.ч. IV- III (II) миң жылдыктар аралыгы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргызстанда азыркы мезгилге чейин энеолит дооруна жана эрте коло дооруна таандык эстеликтер ачылып изилдене элек. Бирок келечекте ачыларында шек жок, анткени, Саймалы-Таштагы күн баштуу сүрөттөр Алтайдагы энеолиттик каракол маданиятындагы сүрөттөр менен жакындыгы бар. Ал эми денеси эки үч бурч сымал жаныбарлар сүрөтү батыштагы энеолиттик Суз маданиятынын сүрөттөрүнө жакын.

Эскертүүлөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кошумча[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргызстандын археологиясы

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Асанканов.А., Бедельбаев.А., Сапаралиев.Д. ж.б. Кыргыз Республикасынын Тарыхы. — Бишкек, 2000.
  • Бернштам.А. Избранные труды по археологии и истории кыргызов и Кыргызстана. Том 1-2. — Бишкек, 1997-1998.
  • История Киргизской ССР, том 1. — Фрунзе, 1984.
  • История кыргызов и Кыргызстана. — Бишкек, 2000.

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]