Орок

Википедия дан
Орок

Орок — эгин, чөп орууга ылайыкталган эмгек куралы. Учу миздүү, жарты ай сымал иймек. О. неолит доорунда пайда болуп, жапайы дан өсүмдүктөрүн жыйноо үчүн колдонулган. Алгачкы О. жыгач, сөөк жана чоподон жасалган. Металл орок коло жана темир доорлорунда пайда болуп, бир аз иймекей келген. Бара-бара көлөмү чоңоюп, формасы да өзгөргөн. Ороктун кыргыз орок, орус орок, маңгел орок, чалгы (бел) орок деген түрлөрү бар. Учурда орок менчик жумуштарды, майда иштерди аткарууда гана пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]