Мазмунга өтүү

Сох

Википедия дан
Сох, суу‎»‎ барагынан багытталды)

Сох – Сырдарыянын сол куймасы. Узундугу 124 км, алабынын аянты 3510 км2. Алай кырка тоосунун Түркстан жана Заравшан тоолоруна тутумдашкан Матчатоо тоосунун түндүк капталынан башталат. Дара айыл-өкмөтүнүн Кожо ашкан чатынан Сох дарыясы башталат. Жергиликтүү тургундар аны Кара дарыя деп аташат. Жашылкөлдүн чатынан баштап, жай агып, улам төмөндөгөн сайын кууш капчыгай аркылуу (60 км аралыкка) шар агат. Андан соң кайрадан салааланып, Сарыкоргон кыштагынанан баштап, шиленди конусту пайда кылат. Ири куймалары: Түтөк суу, Туура суу, Кочкорчу суусу, Жашылкөл, Кожашкан, Кыштут, Гараты, Калаймахмуд, Роут, Жанырык. Июнь – августа кирип, сентябрда тартылат. Мөңгү, кар жана булак сууларынан куралат. Жылдык орточо чыгымы 42 м3/сек, эң көбү 58,9 м3/сек (Сарыканды кыштагынан жакын). Сугатка пайдаланылат. Алабында жалпы аянты 258,7 км2 келген 276 мөңгү бар. Боюнда Кокон шаары, Зардалы, Сарыкоргон, Сарыканды, Сох жана башка кыштактар жайгашкан.