Кожо-Ашкан
Көрүнүш
Кожо-Ашкан, Кожашкан — Баткен районундагы суу, Сохтун оң куймасы. Узундугу 57 км, алабынын аянты 1060 км2. Жылуу-Суу жана Гөөмүш сууларынын кошулушунан пайда болуп, түштүк-батышты карай агат. Гөөмүш Куруксай тоосунан, Жылуусуу Алай кырка тоосунун түндүк капталындагы мөңгүлөрдөн башталат. Алабынын деңиз деңг. ортчо бийиктиги 3200 м. Жогорку бөлүгү кууш капчыгай аркылуу агат. Өзөнүндө шар-кыратма жана босоголор кездешет. Негизинен кар (65%), мөңгү жана булак сууларынан куралат. Жылдык ортчо чыгымы 4,56 м3/сек. Эң көп чыгымы июнь–июлда, азы мартта байкалат. Май айында кирип, ноябрда тартылат. 15 куймасы бар, ирилери: Тилбе (14 км), Арчабашы (18 км), Жылуусуу ж.б. Сугатка пайдаланылат. Жээгинде Кожашкан, Шудман, Зардалы кыштагы жайгашкан.
Дагы караңыз
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргызстандын географиясы Archived 2014-07-14 at the Wayback Machine ISBN 9967-14-006-2
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104-9