Жылуу-Суу
Көрүнүш
Жылуу-Суу | |
|---|---|
| Мүнөздөмө | |
| Узундугу | 51 км |
| бассейндин аянты | 690 км² |
| Суу агымы | |
| Аягы | Нарын дарыясы |
| Жайгашкан орду | |
| Өлкө | |
Жылуу-Суу, Үч эмчек – Ички Теңир-Тоодогу суу, Нарын дарыясынын алабында. Узундугу 51 км, алабынын аянты 690 км2. Тескей Ала-Тоонун түштүк капталына Үч эмчек тоосу кошулган жердеги мөңгүлөрөн башталып, Буркан суусуна (Кичи Нарындын жогорку бөлүгү) куят. Алабынын 9,5%ин (жалпы аянты 65,8 км2) мөңгү ээлейт. Куймалары: Кашка-Cуу, Ашуусуу ж.б. Чатына жакын Тешик-Көл (аянты 0,65 к2) жайгашкан. Ага жакын жерден жылуу Кайнар-Булак чыгат, июньда кирип, сентябрьда тартылат. Жылдык орточо чыгымы 7,5 м3/сек. Өрөөнүндө Тоң жана Нарын районунун малы жайылат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргызстандын географиясы, Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору Б.2004.