Мазмунга өтүү

Кожо-Ашкан корукчасы

Википедия дан

Кожо-Ашкан корукчасы, Кожашкан заказнигиБаткен районундагы аңчылык корукчасы (заказниги). Кожо-Ашкандын (Сохтун куймасы) алабын, Кулдук тоонун түштүк капталын ээлейт. Аянты 16,0 миң га. Азайып бараткан тоо эчки, элик, доңуз, улар, чүткөр жана башкалар жаныбарларды коргоо жана көбөйтүү максатында 1973-ж. уюшулган.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]