Мергенчи
Көрүнүш
Шарты
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Оюнчулардын саны 2—5 киши.
Оюн аянтчада өткөрүлөт.
Оюнда чакан таштар, бута колдонулат.
Оюнга даярдануу
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Оюнчулар бутаны тургузушкандан кийин, андан 15—20 м. аралыкта чакан таштарын алышып бир катар болушуп турушкандан кийин, оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.
Оюндун баяны
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Оюнчулар кезектери келгенде, бирден чакан таштарды бутага ыргытышып тийгизүүгө аракеттенишет. Оюн, оюнчулар каалаган убакытка чейин уланышы мүмкүн. Көп жолу бутага чакан таштарын ыргытып тийгизген оюнчу, оюндун жеңүүчүсү болот.
Оюндун эрежеси
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Оюнчулар бир бирине жакын турууга, бутанын жанында болууга, бир бирине тоскоолдук кылууга, оюндун кезегин бузууга болбойт.
Оюндун педагогикалык мааниси
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Оюнда күч, ийилчээктикке тарбияланат, кол менен кыймылдарды так аткарууга, көздөөгө үйрөтөт.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот.
|