Кетмен

Википедия дан
Кетмен менен иштөө (Вьетнам, 2009).

Кетмендыйканчылыкта кеңири колдонулуучу эмгек куралы.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кетмен байыркы доорлордо дыйканчылык менен кошо пайда болуп, адегенде таштан, андан соң колодон, кийин темирден жасалган алгачкы куралдардын бири. Кетмен колдонулган алгачкы аймактарга Байыркы Египетти, Эки Дарыя аралыгын, Мавераннахр, Инд-Ганг аймагын жана эзелки Кытайды кошууга болот.

Түзүлүшү жана жасалышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Анын уңгусу, башы жана сабы болот. кетмендин башы үч бурч, тегерек же сүйрү формада келип, жалпак курч темирден узундугу 25-30 см, эни 20-30 см болуп учурда өндүрүштүк ыкма менен жасалат. Анын салмагы 2-3 кгдын айланасында болот.

Уңгусуна 5-7 см келген жоон түтүкчө ширетилет же кадалат да, ага 1,5 метрлик түзүлүшү жумуру жыгач сапталат, Бети жылмаланып, мизи курчутулуп, уңгусу жанынан эки чети ичин көздөй бир аз кайрылат.

Кетмен ушул күндөрдө да жергебиздеги дыйканчылыкта кеңири колдонулуп келет.

Колдонулган булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз этнографиясы боюнча сөздүк, түз. О.К. Каратаев, С.Н. Эралиев, Бишкек 2005. ISBN 9967-13-159-4