Ашель доору
Ашель доору – таш доорунун экинчи мезгили. Доор Франциядагы Амьен шаарына жакын Сент-Ашель жергесинен табылган байыркы эстеликтин аты менен аталган. Ашель доору биздин заманга чейинки 800–120 миң жылдыктарды өз кучагына камтып, байыркы, ортоңку жана кеч ашель эстеликтерине бөлүнөт.
Ашель доорунда архантроптор, палеоантроптор жана алгачкы HOMO SAPIENSтер жашашкан. Ашель эстеликтери Африкада, Алдыңкы жана Түштүк-Чыгыш Азияда, Батыш Европада (Франция, Англия, Бельгия, Испания, Италия) көп кездешет. Ортоңку жана Чыгыш Европада, КМШ боюнча Кавказ, Молдавия, Борбордук Азияда белгилүү.
Көлөмдүү жаныбарларга аңчылык кылуу биримдикти жана жакшы куралданууну талап кылган. Таш куралдары ар кандай иштерди аткарууга багытталып жасала баштаган (мисалы, кесүү, кыруу, сүрүү, жаруу, майдалоо). Турак жайлардын ар кандай чарбалык иштерге багытталган түрлөрүн айырмалоого болот (мисалы, аңчылык турак жайлар, таш иштетүүчү устаканалар). Ашель адамдары отту колдонушкан.
Адабият
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Бишкек, 2003 « Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, И. Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Педагогикалык Университети»