Халцедон

Википедия дан
Халцедон.

Халцедонминерал, кварцтын микробула түзүлүштөгү жабык кристаллдашкан, анча тунук эмес түрү.

Курамында суунун көбүрөөк (1,5% ке чейин) болушу менен мүнөздөлөт. Өңүнө карай хризопраз (жашыл), сердолик (кызгылт, кызгылт-сары, кызгылт-күрөң), гелиотроп (ачык кызыл темгилдери же сызыктары бар кочкул жашыл), сардер (кызгылт-күрөң), сапфирин (көгүш боз) ж. б.; текстурасы боюнча агат, оникс болуп бөлүнөт. Катуулугу 6,4-7; тыгыздыгы 2,6 г/см3, с. салм. 2,5-2,6. Халцедон - тоо тек пайда кылуучу минерал. Гидротерм тарамдарында, эффузия жана чөкмө тоо тектерде уяча, конкреция, катмарча ж. б. түрүндө кездешет. Кыргызстанда Улуу Тоо халцедон кени, Сары-Таш халцедон кени ж. б. белгилүү. Халцедон зергерчиликте колдонулат. Абразив материалы.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4