Токуучулук

Википедия дан

Токуучулуккол өнөрчүлүктүн тармагы. Таар, шалча, терме, боз үйдүн боолорун, ат жабуу ж.б. кездемелерди кол менен кыймылга келүүчү дүкөн, такта, абзал, өрмөктө токуу иши. Археологиялык маалыматтарга караганда токуучулук неолит доорунда пайда болуп, алгачкы коомдо кеңири тараган. Мис., б. з. ч. 5–2-к-да Орто Азия жана Казакстанда жашаган сактар, усундар кездемелерди өрмөктө токушкан. Өрмөктө эни 50–60 см каалаган узундуктагы түстүү тасмалар токулат. Орнаменттелген тасмалар (беш кеште, кажары, терме) үй жасалгасы катары же ат жабуу, куржун, боз үйдүн боолорун жасоого керектелет. Мындай тасмалардын ички жана сырткы беттериндеги орнаменттер бири биринен айырмалангандыктан, алар эки беттүү же эки жүздүү деп да аталат. Токуучулук иши жүндү же кебезди тытып ийрүү, боёо, жүгүрүү, күзүктөө баскычтарынан турат. Токуучулук ишине ийикте ийрилип, керектүү түскө боёлгон кебез же жүн жиптер колдонулат.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамалекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.