Терме

Википедия дан

Өрмөчүлүк өнөрүнүн көркөм түрү. Анын көркөм көчөттөрү, ар кыл болуп, кештелердин негизи менен сөлөкөттөрү бири-бирине так жана төп айкалышып, өрмөк согуу өнөрүнүн накай жасалгалык жагдайын көздөп турат.

Терме — өрмөктүн эриш жиптерин «терип согуу», «көркөм көчөт келтирип согуу» деген түшүнүктү берет. Термеде үч см ден 70—75 см ге чейинки эндүүлүктөгү буюмдар согулат. Ага боз үйдүн боо-чуулары: «уук тизгич», «кереге баш чалгыч», «үзүк боо», «туурдук боо», «жабык баш боо», «жел боо» (түндүк боо, тастар боо) жана салттуу үлгүлөр «кылдырооч», «тегирич», «кереге таңуу», «шалча», «ат жабуу», «ээрге салгыч», «куржун» сыяктуулар кирет.

Терме «кара терме», «кажары» (букары) терме болуп бөлүнөт. Кара терменин «бир жүздүү терме», «эки жүздүү терме» деген түрлөрү бар. Кара термеде жиптин кызылы да, карасы да терилип согулат. Анткени, өрмөктү күзүктөгөндө кара жип күзүктүн бир тарабына, кызыл жип күзүктүн экинчи тарабында болот. Ошондуктан, согулганда кызылы да, карасы да көркөм көчөт үчүн терилет.

Кара терме таарларга көбүнчө «ай көчөт» менен «тор көчөттү» арбын пайдалангандар бар. Мында «тор көчөттү» кайра кайталоо менен биринин ичинен бирин туташтырып чыгуу менен бара-бара «тор көчөт» болуп көрүнөт. Ал эми «ай көчөттө» ошол көчөттөр сыртынан төрт тарабына карай кайталана берилет. Терме — тал жиптерди чалуу аркылуу кооздук түшүрүү. Кооз көчөттөр аркылуу жүзөгө ашкан боз үйдүн боочууларынын бири «баш чалгыч» (кереге чалгыч) «үзүк боо», «туурдук боо», «жабык баш боо» он үч жипти «жел боого» (түндүк боо) жыйырма беш тал жип күзүктөлөт. «Жел боону» ар бир уз өзүнүн көркөмдүк табитине тарткандай жасалгалап алууга болот. Уздар мунун бетинин ичине «чачы жасап», «седеп тагып» кармоо аркылуу көркөм көрсөтөт.

«Уук тизгич» үчүн жупташкан жип беш тал эле болот. Уздар эки жүздүү терме үчүн «ит таман көчөтүнө» (иттин таманындай салаа-салаа болуп көрүнөт) тогуз жипти керектейт. Өрмөкчүлөр таар көчөттөрүнө «баргекче көчөтү» көбүрөөк колдонот. Жайлоодо болуучу баргек гүлүнө окшогон аны көбүнчө боз үйдүн боочуларына көркөм көчөт кылып беришет.

Маалыматтын булагы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996: ISBN — 5-655-00960-9(жеткиликсиз шилтеме)