Кылдырооч

Википедия дан

Бул — боз үйдүн сыртына канат чийи менен керегесинин ортосу аркылуу тегерете жабылган буюм. Кылдырооч таардан да, кийизден да тартылат. Терме кылдырооч нарктуураак көрүнөт. Анын чети чачыкталат. Ал — тегиричтин бир түрү. Кылдырооч «эр жак», «эпчи жак» деген эки бөлүктөн турат. Көчкөндө бул кооз Зуюмду шаан-шөкөт үчүн жүктүү төөнүн мойнуна салаңдата ороп же жаап коюшкан.

Тегирич, шалча, кереге таңуу өңдүү согулган терме үлгүлөрү кылдыроочко жарай берет. Кылдырооч үчүн да түймөчүлөр жипти бышык чыйратып, жакшылап челдеп, түрдүү түстө боеп алат. Түймөчүнүн аракети аны мыктылап ийрип, чыйратып, челдеп, анан чебердеп түйүшүнө байланышат.

Же мунун четине «Чагармак» аттуу көчөт түшүрүлүп, ага кара-актан жети кош жип эриш келип, андан кийинки көчөткө тогуз көк-кызыл жип керек. Андан кийин «Тай туяк» көчөтүн түшүрөт уз. Мында уздук касиет элдик көчөттөрдү жат билүү, аны өрмөккө ойдогудай түшүрүүсү менен эле өлчөнбөйт, эң негизгиси, ошол көркөм көчөттөрдү буюм четине, ортосуна айкалыштыра берүүнү билүү керек.

Ошентип, «тай туяк» көчөтүнүн чети жарым тумарча болуп чыгат. Ага жуп үч тал жип керектелет. «Тай туяк» көчөтүнө жуп 15 тал жип сарпталат. Адегенде беш көк жипти, анын ортосуна үч көк жипти алып, бирден кызылды терип, анан четин эки көк, бери четинен бир көк келет. Андан кийин төрт кызылдын, бир кызылдын үстүнөн, эки кызылдын четинен эки көк, алты кызыл, эки көк кайталанат. Жарым «тай туяк» элестеп, ал кайра четинен терилип, толук көчөт пайда болот.

Кылдыроочко жупталган 59 тал жипти алып, үстүнкү жээгине жуп үч, андан кийин үчтөн тогуз жипти терип, буюмдун ортолугуна «Табак оюм» түшүрөт. Анын майда жана кезек түрү кездешет. Термечилер анын майда түрүн өзүнчө «кыялдантып» бере алат.

Бул буюмдун эки түрү бар. Баш кылдыроочтун ар кандай үлгүлөрү болот. Кооз көрүнүшү үчүн мунун башына «бадам», «кыял», «бармак боочу» өңдүү шырдак оюму берилет да, асты «тор чачыланат». Так ушундай кылдыроочтун кооз түрү боз үйдүн бел кырчоосунан кийин да тартылат. Ылдыйкы кылдыроочтун кийиз оюму кара кызыл өңдө берилип, ал өйдөкү кылдырооч менен айкалышып турат.
Кылдырооч ортолугу жалаң термеден болот. Ошондо бул буюм эшик тыштын четине бастырылган ичке тилкедеги көркөм оюмга үндөшүп калат.
Чеберлер сары, кызыл, ак өңдөрдү өзүнчө жупташтырып, атлас шайы сымалдантып, көчөт түшүрүшөт. Аны «бачайы көчөт» деп аташат. Мунун четине ак-карадан эки элидей «жээк» түшүрөт. Ал эми кылдыроочтун кажары таардан жасалышы көркөмдүктүн чегине жетет. Мунун четине ак-карадан «кырк шак» көчөтү түшөт. Андан кийин сары өңдө «төрт илик» кара жердикке «ичирилип» берилет. Андан «тумарча көчөтүн» түшүрүп, кайра төрт илик (айры көчөтү) сыяктуу бачайы көчөттөр кызыл түстө көк фондо түшөт. Анын экинчи четинде кайрадан «кырк шак» берилип, чыйратылган шоона жиптен тор чачык жасалат.
Уздарыбыз буюмду кооздоодо боектун түрлөрүн аяшкан эмес. Кийиз оюмдары менен терме көчөттөрүн эриш аркактай жупташтырып кармаган оймочу-термечи беш-алты өңдү бири-бирине кыйыштырып сары саптай алат.

Маалыматтын булагы[түзөтүү | булагын түзөтүү]