Тор чачык

Википедия дан

Түймө өнөрүнүн бир кооз түрү. Түймөчүлөр анын адегенде «керенесин» (кыюусун) түйөт. Ал төрт катар кыюулангандан кийин эки тал жиптерди «төкмө чачы» кылып алат. Мунун ар бири төрт-төрттөн байланышат. Ал кайрадан эки-экиден ажырайт. Ошондо түйүлүп жаткан чачы көзөнөкчөлөрү төрт чарчы өңдөнүп, байчечекей гүлүнө окшошот. Тор чачыктын эң жөнөкөйү төрт көзөнөкчө менен бүтөт. Анын он тал жиптен эки элидей (4—5 см) «чогу» чыгат. Чачыкка төрт кат жип пайдаланылат.


Маалыматтын булагы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996: ISBN — 5-655-00960-9(жеткиликсиз шилтеме)