Ат жабуу

Википедия дан

Ат жабуу (тикек)көчкөндө, чоң аш-тойлордо минилүүчү аттын ээринин алдына тердиктин үстүнөн аттын соорусуна чейин жабылуучу асем буюм. Ал жасалышы ж-а пайдаланышы б-ча бир нече түргө айырмаланат: 1) абайы - жибектен тигилип, кыргактары саймаланып, четтерине чачы тагылып, баркыт же манат м-н көбөөлөнүп, ичтелип жасалып, кыз-келиндердин минген атына жабылат; 2) дикек - өрмөкчүлүктө «терме», «беш кеште», «кажары» ыкмасы м-н согулган таардын ич жагына кийиз тигилсе, кээ бир аймактарда саймаланган «шырдак» тердик жабылат; 3) кыз куумай, эңиш, байге ж. б. оюндарга минилчү күлүк атка, жоргого атайын үртүк - «оромо жабуу» даярдалып, байгеге салынып, күйүккөн атты суутканда, ага суук тийбесин үчүн колдонулган. Ал жогоруда аталган таарлардын түрлөрүнөн же кымбат баалуу кездемеден кооздолуп, ичи жука кийиз м-н ичтелип, четтерине оюм түшүрүлөт. Анын кулакчыны, көзүлдүрүгү, куйруктугу, ат буттугу болот да, аттын мойнун, көкүрөгүн ороп, капталы ж-а соорусун жаап турат. Учурда асемделип жасалган ат жабуу салттуу майрамдарда пайдаланылат.

Четтериндеги түймө чачыктары шуруланып, төкмө жана топ чачыкталган түрүн «тикек» (дикек) дейт. Мында буюмдун жердиги, сары таарыдан турат да, ага кызыл, көк өң менен сайма көчөттөрүн түшүрүшөт. Ал сайылган кештелер балыш-жаздыктарга берилген: «тогуз төбө», «байчечек», «кайкалак», «допу талаа» көчөттөрүнө окшошуп жана үндөшүп турат. Тикектин жердиги кездемеден да тандалат. Анда ага көбүнчө «илме дос» (илме-илме, илип саюу) мүнөздүү келет.

Ат жабуу кийизден да жасалат. Ар түрдүү жердикке сайма көчөттөрдү алмак-салмак түшүрүү Түштүк Кыргызстанда бөтөнчө өнүккөн. Ат жабуунун жердиги үчүн чеберлер төөнүн, койдун жүнүн даярдашат. Кийинчерээк кебезди да ийрип чыйратышкан. Өрмөктү курууда бир өңчөй өңдөгү жиптер гана күзүктөлүп, эриш жип (өрмөктүн үстүңкү-астыңкы жиптери) ичке ийрилген. Ага аркак (эриш жиптердин ортосунан өтүүчү шоона жип) өткөрүп, эч кандай көркөм көчөтсүз, эндей согулат. Адатта, жүндүн түсүнө карата анын өңү саргыч, ак, кызгылт, кээде кара да болушу ыктымал. Демек, ушул таарга уздар «илме дос», «илме сайма» өңдүү сайма ыкмалары аркылуу көркөмдүктү беришет.

Саймачылар ат жабуунун четине «төкмө чачык», «тор чачык» берет. «Жээк» катары кажары таарынын ыкмасында ак менен карадан «кош кайкалак көчөтүн» (багжагай) эки элидей эндүүлүктө келтирет. Анын четинде өрмөкчүлүк жана саймачылык аркылуу четтик көчөт көчүрүүгө да болот. Анын эки тарабына «чычкан изин» түшүрөт. «Багжагайдан» кийин буюмдун жердигине сайма көчөттөрү сайыла баштайт. Анда көркөм көчөттөр «жарым кайкалактын» элементтеринен турат да, бөз жердикке түшкөн, көк, сары, кара, кызыл өңдөрдү көк (ток көк) өзүнө оодарып, буюм түшкөн четтик көчөттөгү «чычкан изи» (суу) өзүнчө «ала мончоктоло» берилет да, анын четтерине теке мүйүздөнгөн көркөм элемент-көчөттөрү болот. Ортолук көчөт эки чоң тегерекчеден, тактап айтканда, табакчадан турат. Андан бутактанып экиден төрт кичине көчөт бөлүнүп чыгат. Табакчалардын ичи-сырты жарым кайкалак жана жылдызчаларга жыш толтурулган. Түстөрдүн ич ара айкалышы жана сайманын ыкмасына өзгөчө көңүл бурулат.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]