Асем

Википедия дан

Элдик кол өнөрчүлүктө кооз жасалга, керемет көркөм көрүнүш. Аруу колдон жаралган V буюм-тайымдардын бир бүтүмү. Ал көбүнчө көркөм оюм жана көчөттөр аркылуу бүткөн нускаларга карата айтылат. Боз үйдүн ички-сырткы көрүнүшү, ат жасалгалары, кыз-келиндердин зер буюмдары, элдик кийим-кечектердин мыкты үлгүлөрү өз-өз орду менен пайдаланыла турган учуру асем болуп саналат.


Маалыматтын булагы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996(жеткиликсиз шилтеме)