Кыргак

Википедия дан

Кооз буюмдардын бир түрү. Бул шөкүлөнүн, такыяны, элечектин эң сырткы кырчоосу. Азем буюм-тайымдар ушул кыргагы менен көрктүү көрүнөт. Алар ар кыл эндүүлүктө, ар кандай кездемелерден кооз саймаланып жана кештеленип да жасалат. Кымбат баалуу металлдар менен чөгөрүлүп да кармалат. Элечекти кооздоо-көркөмдөө менен анын жанып, чубалып калуусунан да сактаган. Кыргак кооздолушуна жана жердигине жараша: «алтын кыргак», «күмүш кыргак», «сайма кыргак», «кеште кыргак», «оймо кыргак», «бермет кыргак», «шуру кыргак», «жибек кыргак», «кымкап кыргак» деп айтылат да, устанын-уздун устаттыгы менен уздугуна жараша укмуштай чырайланат. Алтын же күмүш жипчелер чырашталган кыргактардын кырка этегине түрдүү формадагы (узундугу бир эличе) алтын, күмүштөн кыюуланган майда желбирөөчтөр аркылуу «төкмө чачыланган».

Күмүш кыргактын күмүш шөкөттөрү томпок, төрт чарчы туташ көрүнөт да, ага түшкөн кооздуктар «айчык», «карга тырмак», «куш канат» сымал көркөм оюм элементтеринен турат. Мунун жээктери да желбирөөчтөрдөй, бой тумардай, күбөктөрдөй майда күмүш калакчалар аркылуу төкмөлөнөт.


Маалыматтын булагы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996: ISBN — 5-655-00960-9(жеткиликсиз шилтеме)