Тердик

Википедия дан

Ат жабдыктарынын бир бөлүгү. Ээрди астына, ичмектин үстүнө салынуучу, унаанын жонун ээрге бастырбай, каптал жыгачтарынын жонго түшүүчү басымын жумшактоо үчүн колдонулуучу токум. Токулушу боюнча кыз-келиндерге жана эркектерге арналып, булгаары менен кийизден жасалат. Тердиктин ичи адатта, боз кийизден болот. Кыз-келиндердин тердигинин өлчөмү (140—150x50—60 см), эркектердики (90—100x50—55 см) чоңураак келет да, өтө чебер кооздолуп, кыргактары сыйдаланып, баркут же манат менен кыюуланып, кундуз бастырылган.

Тердиктин нарктуусу булгаарыдан тышталат да, анын эки этегине темир көчөт чөгөрүп, ага күмүш жалатат. Антип чабылган шөкөттөрдүн формасы тегерек, сүйрү, томпок, иймекей келет да, атайын «куш тумшук», «каркыра канат», «карга тырмак», «мүйүзчө», «кыял» сыяктуу көркөм оюмдарды элестетет. Ар бир шөкөттүн өзүнчө куйма калыбы болот. Мындай тердиктин кооздугу ээрдин каптыргасынан жана көрпөчөдөн көрүнүп турат. Булгаары тердиктин асем топчулары үч-төрт түрдөн турат. Ал ирээти менен булгаары бетине кадимки саймага, чырмакка, өрмөккө, килемге түшкөн көчөттөрдөй шарттуу түшүп чабылат. Андай көркөмдүктөргө эки-үч жеринен муунактуу «төрт бурчтук», «тегерек көрчөгө», «жылдызча» жана «чымын канат» өңдүүлөр кирет. Чабылган андай шөкөт-топчулардын араларына «чийим сынпос» түшүрүлсө, андан бетер көркүнө чыгат. Муну менен катар зергерлер булгаары тердикке көрчөгөлөрдү сейректете уруп, өзүнчө оюмду ак жип (кебез жип, тарамыш жип) кайып түшүрүүгө маш. Ошондой эле анын төрт бурчуна жана ортосуна башка өңдөгү булгаарыдан оюм келтирип кайып тигип басат. Булгаары тердиктердин жээктери да булгаары аркылуу төкмө чачыланат.

Көндөн тердик жана ээр тердиги жасалат. Капталган ээрдин эки жагы кадимки кыргыз тердигинин энине чакталып, же ошол кийиз тердиктин кыюусуна барабар келет. Сорпо майы «кана ичирилген» (майланып, май сиңди болгон) «наар түшүрүлгөн» кол булгаары бир аз убакыттан соң жүзүнө чыгат. Муну эч кандай наарысыз эле ээр тердигинин жээктерине эле «тырмак изин» түшүрсө болот. Мында көркөмдүктүн жөнөкөй түрү деле кандайдыр сыйда көрүнөт. Чеберлер «чийме сынпос» менен ээрди кооздоодо буюмдун түбөлүктүүлүгү үчүн төө терисин пайдаланышкан. Бүгүнкүлөр заводдон чыккан кара жана күрөң булгаары менен ээрди, ээр тердигин каптап, ага өзүнүн «жекече кыялын» түшүрүү менен анын чеберчилиги көрүүчүлөрдүн купулуна толууда.

Маалыматтын булагы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996: ISBN — 5-655-00960-9(жеткиликсиз шилтеме)