Тегирич

Википедия дан

Бул — боз үйдүн таар жасалгасы. Ал жабык баштын алдына тартылат. Тегиричке түгөйлүү 44 жип өрмөктүн эки четине келтирилет. Абалы «тумарча көчөтүн» анын ортосуна «кыял көчөтүн» салуу зарыл. Муну «мүйүз кыял» десек да болот. Анткенибиз, ошол «мүйүз көчөт», «чагырмак көчөт» сыяктуу элдик эски түрлөр өрмөккө түшүрүүчү кооздук өзүнчө «кыял» сыяктантып берүүгө негиз болот. Ушундан улам аны айрым айылдарда «чагырмак көчөт», «мүйүз көчөт» деп да аталышы тегин эмес. Термечи ушул мүйүз сымалданган көчөттү терип чалууда көк менен кызыл тал жипти түгөйлөп алат. Жүз эки жиптин теңи эриштин астына түшөт (ургаачы делинет), теңи үстүнөн чыгат (эркеги делинет) да, күзүктөлөт.

Айрым өрмөкчү-термечилер өрмөктө көркөмдүк түшүрүү ыкмасын ортосунан бир кызыл жипти чалып терүүдөн башташат. Анан жуп жети жипти таштап, кайта эки жип алынып, дагы жети жип түшүп, кайра эки жипти терет. Ушинтип, мында жалаң түгөйлүү кызыл жиптер гана үстүнө чыгып, бул симметрия сызыгынын (төптөө) сол тарабында кандай терилсе, симметрия сызыгынын оң жагында да дал ошондой кайталанат. Эми жиптин көп эриштин «эркеги» болуп үстүнө чыгат. Ошондо мурунку жети жиптин төртөө, мурунку беш жиптин үчөө гана терилет да, жогорудагыдай симметрия сызыгы пайда болот.

Өрмөктөгү териле баштаган «мүйүз-кыял көчөтүнүн» (жарым мүйүз-жарым кыялдан айкалышы) жарымын согууда кызыл-көктү алмак-салмак асты-үстүнө чыгаруу үчүн жети курдай оңго жана солго төптөштүрүү сызыгын кайталайт. Көк жиптен эки «мүйүзчө» чыгышы үчүн түгөйлүү алты жип бирден кыскарып отуруп эки келет да, ошол эки жип кайра үч курдай бирден оңго кайталанып, экинчи «мүйүзчөсүн» чыгарат.

Тегирич — өрмөкчүлүк аркылуу бүткөн боз үйдүн кооз жасалгасы. Мунун эни болжолдоо 20—22, 28—32 см дей жасалат. Ал ууктардын билегинин үстүнөн тегерете айландыра тартылат да, сеңселе тагылган «төкмө чачысы», «топ чачысы», «кылыч байлоо чачысы» (түймөлөрү) керегенин башына тиер-тийбес болуп төгүлүп турат. Кылдырооч кереге таңгыч, шалча өңдүү буюмдар үчүн согулган таар тегиричке жарай берет. Алар бирин-бири алмаштырат. Тегирич жыйырма жети см жазылыкта да согулат. Мисалы, мунун четин жөнөкөй таар өңдөнтүп, андан кийин «ак секирик» («чычкан изи») берилет. Дагы четиндегидей эндей таарчадан соң «тай туяк» түрүн түшүрүп, жогорудагыдай кооздуктар кайрадан ирээти менен кайталанат. Бул жүгүртүлгөн жиптердин таасын күзүктөлүшүнө тыгыз байланышат. Ага түшкөн көпчүлүк көчөттөр буга да түшө берет. Кээде тегирич, кылдырооч, кереге таңгыч бирдей көркөмдүктү тартуулайт. Эндүү терме буюмдары чачык өнөрү менен айкалышат. Бул жалпы эле жүндөн пайда болгон үлгүлөргө эриш аркакталат.

Тегирич кажары термеден да жасалып жатат. Ал энсиз болот. Мисалы, «кыйдым көчөтү» түшкөн болсо, анын кара-кызылдан «суусу» (чычкан изи) берилет. Кызылдан «кыйдым» көчөтү түшсө, карадан «беш иликче» ак-карадан «суу» («чычкан изи», «ала мончогу») болсо, ал буюм ого бетер жарашат. Же сары-карадан «төө көз», караактан «суу», кызыл-карадан он беш жиптен «эки жүздүүнүн» көчөтүн берүүгө болот. «Кайра «чычкан изин» — түшүрүп, анан «тор чачыкталса» кажары терме өз өңүнө чыгат. Тегиричтин эни ар кандай чогулат. Бул көбүнчө жүз сегиз жиптен күзүктөлөт да, буюм жээги (өрмөктүн эриш учу) карадан болот. Мында аркакты жөнөкөй өткөрүп, анан бир курдай кызыл, бир курдай көк алмашып чыгат. Андан кийин көркөм көчөт түшүрүүдө тал жиптерди терүү башталат. Алсак терип чалуунун биринчи башталышында эки көк, эки кызыл, кайра төрт көк, эки кызыл, кайра төрт көк, кайрадан эки кызыл, эки көк, анан төрт кызыл, кайра эки көк, эки кызыл анан эки көк, анан төрт кызыл, кайра эки көк, эки кызыл, анан эки көк, эки кызыл, дагы эки көк, эки кызыл, анан төрт көк терилгенде «омуртка оюму» көчөтүнүн башы чыгат.

Маалыматтын булагы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996: ISBN — 5-655-00960-9(жеткиликсиз шилтеме)