Кебез

Википедия дан

Кебез - ар кандай буладан алынган көшпөк масса.

Кебез өндүрүлүшү боюнча табигый жана жасалма (целлюлоза, айнек ж. б.) болуп бөлүнөт. Табигый Кебез кийимге, мебелге, медицинада колдонулуучу жана изоляциялоочу болуп бөлүнөт. Кыска булалуу пахтадан жана пахта калдыктарын, таштандыларды кайра иштетүүдөн алынган булалардан даярдалган Кебез кийим тигүүдө жылуулоочу кабат катары колдонулат. Кебез курамына кошулган аралашмаларга карата жана сапатына жараша ажыратылат. Эң сапаттуусу - люкс. Ал өңү ак, кыска булалардан алынат. Прима түрүнүн курамы люкска окшош, бирок өңү боз. Мебель Кебези пахта өндүрүшүнүн калдыктарынан алынып, матрац, диван, кроваттарга салынат. Мед. Кебез гигроскоптоочу жана компресс жасоочу Кебез болуп бөлүнөт. Жасалма Кебез курулушта жылуулукту жана үндү өткөрбөс материал, химиялык өнөр жайда суюктук менен газдарды тазалагыч чыпка катары колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1978. Том 3. Ирик - Лактар. -640 б.