Боз үй

Википедия дан

Бул — кыргыздын турак жайы. Элибиздин улуттук мүлкү.

Кыргыздын боз үйү — элдин сергек акылынан чыккан, чебер колунан тамган, теңдешсиз өзүнчө өнөр. Ал — укмуштай айлакердик көркөмдүккө, математикалык так эсепке жана физикалык тең салмакка ээ. Жалаң мал чарбачылыгын аркалаган эл каалаган жерге: мейли тоодо, мейли түздө жашоого бирдей оңтойлуу шарт түзгөн үйдү жаратып алуусуна жашоо-тиричилиги өзү мүмкүндүк берген. Калк жашаган жайларда керектүү жыгачтар чыккан. Кыргыздар боз үйдүн мына ушундай түрүн жаратышы үчүн турмуштук тажрыйбаларын, талантын, акыл-ойлорун жана кол өнөрчүлүгүн жумшаган, көчмөн элдердин биргелешкен акыл-оюнан жаралган, жеңил десең жеңил, чечкенге, тиккенге оңой, жайында салкын, кышында жылуу, жөнөкөй, улуу эстелиги, ыйык куту жана кол өнөрчүлүгүнүн туу чокусу.

Көчүүгө жеңил, каалаган жайга кондурууга ылайыкталган, жаан суусун тез агызган, табияттын ар кандай таасири-күчүнө туруктуулук кылган боз үйдүн ичине от жагууга жана жылуулукту сактоого да оңтойлоткон.

Түндүк көтөрүү

Кыргыздар жашоо-шартына ылайык боз үйдүн жүктөмө түрүн кабыл алышкан. Алачыктардын көчүрүп жүрүүгө ылайыктуу түрлөрүнүн андан аркы өнүктүрүлгөн түспөлү катары каралат. Боз үйдүн жыгач тулкусуна узанган усталар — чыныгы архитекторлор. Жайып тиксе, тең салмакты сактап, кыз такыясындай келишимдүү, бүктөп койсо, бир төөлүк жүк, көчүп-конууга ылайык, тоолуктардын сыймыктуу бул мүлкүнүн көлөмү, албетте, ар кандай болот.

Үйдүн жыгачы «он эки канат», «сегиз канат», «алты канат», «төрт канат», же «жүз баштуу», «сексен баштуу», «жетимиш баштуу», «элүү баштуу» деп айтылат. Чоң-кичинесин далилдеген үйдүн башы сайылган ууктун саны менен өлчөнөт. Тигип-чечүүгө жана көчүп-конууга, ички эмеректеринин орун алышына 55—65—-75 баштуу үйлөр арбын жасалган. Боз үй «тигилиши мыкты», «бүркүттүн томогосундай», «топтой келип», «такыя түндүк», «жыгачтын маталышы мыкты» жана башка ушул сыяктуу жалпы элдин калыс сынынан өтөт. Ак өргөөнү көтөрүүдө көөрү төгүлгөн зергердин, жыгаччынын, кайкач бармак оймочунун, саймачынын, өрмөкчүнүн, токуучунун, эшмечинин, түймөчүнүн, чырмакчынын, бычмачы-тикмечинин колдору катышат. Мунун эң чоңу «ак сарай» деп аталат.


Байыртан бери боз үйлөр жасалыш үлгүсү боюнча кыр­гыздын боз үйү жана калмак (моңгол) боз үйү болуп айырмаланган. Кыргыздардын боз үйүнүн керегеси кенен, ууктары узун, түндүгү бийик келет.Боз үй ичинде бүткүл кыргыздын байыртан берки тарыхы, тиричилиги, салты, маданияты, тили, дили, акылмандыгы, өнөрү, ой-акылы жатат. Анын баарын чечмелеп айтса өтө узак кеп.

Кыргыздын боз үйүндөгү ырым-жырымы күчтүү болгон: керегеге бутту артпаган, түндүктүн жибине артылбаган, босогону баспаган, түндүктү, баканды аттабаган, отко суу куюп өчүрбөгөн, чөмүч менен итке аш куйбаган, тулганы, сүттү теппеген, шамалды сөкпөгөн, дасторконду тетири салбаган, күйгөн отко түкүрбөгөн, жылдыз санабаган, эшикти тээп ачпаган, босогого туруп бой кербеген, үйдө ышкырбаган, үй айланып чуркабаган жана башка.

Боз үйдүн жыгачын ар түрдүү усталар жасашат. Ал өтө чеберчиликти, көп убакытты талап кылат. Боз үйдүн уук-керегесин, босого таягын узанган чеберди «уукчу», «керегечи», түндүк жасаганды «түндүкчү» дешет.


Кыргыздар жакшылык айтканда «түндүгүңдөн түтүн үзүлбөсүн», «чамгарагың көтөрүлсүн, очогуң өчпөсүн», «отуң өчпөсүн», «түндүгуң бийик, керегең бек болсун», «коломтоң сапырылбасын», суук кабарды билгизгенде «келе бакан, куу союл», «чаначтай көөп», «карды чанач», «чылгый чаначтай ийле», каргыш айтканда «түндүгүң түшсүн», «чыгдандын ары жагында кал» деген сөздөрдү айтышкан.

Кыргыз боз үйлөрүнүн жыгачтары негизинен талдан, түндүгү арчадан жасалат. Көлөмү боюнча төрт канат, алты канат, кээ бир ажолордун, байлардын ак өргөлөрү 30 канатка жеткен учурлары бар.

Боз үйдүн ичи[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Боз үйдүн так ортосу – коломто, ага казан асылат. Төр – үй­дүн эшикке карама-каршы тушу. Анда жүк жыйылып, ала кийиз, өрө кийиз, шырдак, көлдөлөң, төшөк салынат. Жүктүн эки жагына текче илинет.

Эпчи жак – үйдүн кире беришиндеги оң тарабы. Ага ала бакан орнотуп, ашкананы чий (чыктан) менен болуп, ал жерге тамак-аш, идиш-аяк сакталган. Аяк кап, чыны кап илинген.

Эр жагы – үйдүн сол тарабы. Анда эркектердин кийими, куралы, ат жабдык жана башка буюмдары коюлган.

Улага – үйдүн кире бериши. Ага, адатта, отун жыйып, ээр-токум коюлган. Боз үйгө туш кийиз, көшөгө тартуу – эзелтеден берки салт.

Боз үйдүн ичи

Боз үйдү жасоодо, тигүүдө, чечүүдө, жүктөөдө, сактоодо көркөм кол өнөрчүлүктүн ар бир түрү табы менен кармалат да, тери - жүн, сайма, таар, жыгач, таш буюмдары боз үйдүн ички колдонмо-жасалгаларына катыш жасайт. Узчулук: оймочулук, саймачылык, чыгармачылык,өрмөкчүлүк, килемчилик, түймөчүлүк, бычмачылык, зергерчилик, кайышчылык, жыгаччылык, мүйүзчүлүк, таш чегүүчүлүк боз үйдөн көрүнүп, элдик буюм катары таанып-туюлат. Эстетикалык ыракат берет. Эгер өнөрдүн бирөө болбосо, үйдүн бир татым тузу кемийт. Боз үй көтөрүүчүлөр жогоруда санап кеткен узчулук (аялдарга таандык өнөр) аракеттерин бүтүндөй өзү эле бир колдон чыгарууга жетишкен. Ким зергер аталса, ал боз үйдүн устачылыгын түгөл кармаган.

Боз үй азыр ак өргөө катары тигилүүдө. Анда коломто жок. Үйдүн эни менен бирдей шырдак, ала кийиз, шалча салынат. Боочулары, тегиричи, кылдыроочу кадимки терме болот. Боз үй тигүүдө айырмачылыктар бар. Жасалга буюмдарында жашыл түс арбын пайдаланылса, ички жасалгалар жашыл болуп көрүнүп, аны «жашыл үй» дейт. Мына ушундай боекторуна карай «сары үй», «кара үй», «кызыл үй» деп айтылышы ыктымал.

Боз үйдүн жабдылышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Жыгачтан (тал), кийизден, майда жип жана кичинекей шурулардан болот.Анын жыгач бөлүгүнө (түндүк, уук, кереге, босоголор) четинден, тал, теректен ж.б. узун шыргайларды колдонушат. Алгач уук менен керегеге жарактуу болгон жыгачтарды жасоочу жерге топтоп алат. Аларды матоодон өткөрүү үчүн (жумшартуу үчүн) корго салып жумшартып алат. Жумшарган жыгачтардан уукка, керегеге ылайыктап тистен өткөрүшөт.
  • Уук - тистен өткөндөн кийин үйдүн чоң же кичинесине ылайык формага келтирип, ченеп жасайт. Ууктун баш жагы түндүктүн алкагындагы көзөнөккө туура келгидей кылып учталат. Аяк жагы кооздолуп, учуна керегенин башына байлай турган өрүлгөн жип тагылат. Ууктарды кызыл жошо менен боёп, (азыр кызыл сыр менен боёп жүрүшөт) формасын өзгөртүп жибербеш үчүн, аны көлөкө жерге бир нече күн коюп кургатат.
  • Кереге - уукка караганда жасалышы татаал болот. Кергенин жыгачын да корго салып, жашытып алып тиске салып ийет. Керегенин баш жагын «ийди» менен ийип коёт. Бирок ууктукуна караганда, керегенин жыгачтары бирдей болбойт. Керегеде кыска саканактар болот. Саканактар ар бир канат керегени бириктирүүгө жардам берет. Керегенин жыгачтарын 18-20 см. аралыкта кылып, көк менен (атайын териден даярдалган жип) көктоп, тор көз кылып бириктирет. Көк уйдун, төөнүн терисин тузга чылап, чылгый боюнча тилип алып, анан көктөлөт.
  • Түндүк - алкак жана чамгарак деген эки бөлүктөн турат. Алкакактуу жоон талдан, кайындан корго алып, жашытып тиске салып, андан кийин ийип, ченеп, экөөнү тууралап бирин-бирине аштап жасалат. Алкактын сырткы капталына үйдүн чоңдугуна жараша ууктардын башы киргидей көзөнөктөр (60,70,80) үшкү менен көзөлөт. Алкактын үстү жагына чамгарактын баштары кире тургандай кылып, карама-каршы багытта төрттон төрт жагына 16 көзөнөк тешилет.
  • Босого таяк - жыгачтан жасалган эки жак босого. Бирден баш босого жана жер босого жасалат. Жыгачтан жасалган бардык жабдууларды жыгач усталар гана жасай алышат. Усталардын колдонгон мурунку куралдары: матоо жыгач, ийди, үшкү, аштама керки, мети темир шиш, шибегелер, тарткы дегендер болгон.
  • Боз үйдү калкалоочу чий. Чийди тандап, узунунан жаандан кийин бирден түбү менен тартып келип аарчып тазалайт. Андан кийин 6-8 тап кылып согот. Мисалы, 6 тапка 12 сүйрү ташка жип ороп баканга салмоорлоп, чийди бирден коюп жиптерди алмаштырып иштей берет. Боз үйдүн сырткы жабдуулары: үзүк, туурдук жана эшик. Буларды ак койдун жүнүнөн кийиз жасап, анан ченеп, бычып жасалат.
  • Yзүктүн - түндүк жагы кууш жана этек жагы жазы болот. Боз үйгө алдыңкы жана арткы болуп, эки чоң үзүк жасалат. Yзүктөрдүн алды жана арты бастырык менен бекитилет.
  • Туурдук - керегеге ылайыктап жасалат. Туурдуктун жабык баш деген бөлүгү үйдүн ич жагынан көрүнүп турат. Боз үйдүн эшигинин ички бетин чийден согуп, сыртынан кийиз каптайт. Эшиктин босогодон өйдөкүсү үзүктүн астында калат.
  • Түндүк жабуу – түндүккө жанаша бычылып жасалат. Анын төрт бурчуна жип тагылат. Анын бурчтарын төтөгө деп коёт.

Боз үйдүн майда жабдуулары көп болот. Алсак, түндүккө эки желбоо жип тагылат. Шамал болгондо анын пайдасы абдан чоң. Кырчоо менен (курчоо) туурдуктарды бастырып боз үйдү айланта курчап коёт. Түндүк жабдууга да жип байланат. Жиптерден башка ак сызмалар жана үзүк, туурдуктарга терилип түр салынып жасалган сызмалар жасалат.

Кыргыз боз үйү илгертен ата-бабадан бери карай очогунан от өчпөгөн, жайы-кышы жашап тукум улап келген, жашоо тиричилигин баштарынан кечирип келген мекени жана туусу болгон деп айта алабыз. Боз үйдү кыргыздын улуттук чыгармачылык маданиятын чагылдырган эмгеги десек да болот. Кыргыздар ар дайым улутун, тилин, дилин, наркын бузбай сактап келген эл.

Маалыматтын булагы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Байланыштуу шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]