Бакан

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Бакан, ачабакан, түндүкбакан - 1) үй тиричилигинде, айрыкча боз үй тигүүдө колдонулуучу, жоондугу билектей, узуну 3-5 м келген, бир учу ачакей, экинчиси мукур учталган шырык жыгач. Боз үйдүн түндүгүн көтөрүүгө, үзүктү, түндүк жабууну, эшик чийди салууга, эшик боону түндүктөн өткөрүүгө, жаанда от жакканда түндүк жабуунун бир бурчун көтөрүп тирөөгө, кар жааганда ичинен түрткүлөп, боз үйдүн үстүндөгү карды түшүрүүгө ж. б. колдонулат; 2) найза ордуна курал катары колдонулуучу узун шыргый; 3) апкеч, суу көтөрүүгө пайдаланылуучу узун шыргый жыгач.Ал көбүнчө балатыдан жазалат.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. /Башкы редактор Асанов Ү. А. К 97 Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4