Боз үйдүн ички жайланышы

Википедия дан

БОЗ ҮЙДҮН ИЧКИ ЖАЙЛАНЫШЫ

«Ыпчада» туруучу эркектин,
Ат жабдык, куралы, жарагы.
«Эпчеде» болуучу аялдын,
Чыгданы, сабаасы, табагы»
(Г. Момунова).

Бул — эмеректердин үйдүн ичинен орун алышы. Эгер боз үй тегерек болбосо, шамалга байымсыз көрүнмөк. Мында шамалдын таасир эткен күчү аз болсун үчүн айлакер элибиз боз үйдүн цилиндр формасын тандап алышкан. Бул үйдүн ичин көркөмдөөгө, эмеректерди ирээттүү жайлаштырууга ойдогудай жагдай түзөт. Казан-аяк, ашканадан өйдө көшөгө (уул-келин тартып жата турган жай) жайлашат. Төр, жүк, кийим-кечек, ала бакан үй ээсинин жайынан кийин ээр-токум орун алат, анан эшик, ортодо коломто-тулга турат. Боз үйдүн ичинин ашкана тарабы «эпче», эр бүлө жайлашкан тарабы «ыпча» деп бөлүнөт.

Маалыматтын булагы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996: ISBN — 5-655-00960-9(жеткиликсиз шилтеме)