Мазмунга өтүү

Бүркүт

Википедия — ачык энциклопедия
Бүркүт.
Aquila chrysaetos

Бүркүт (лат. Aquila chrysaetos) – карчыга сымалдуулар тукумуна кирген эң ири кыраан куш. Узундугу 90 смге, канатын жайганда узундугу 2 метр ге жетет. Борбордук Азиянын бардык тоо кыркаларында таралган. Жайында деңиз деңгээлинен 2–3 миң метр бийик зоолордо жашайт. Уясын аска-зоолорго салып, аны башка жырткыч канаттуулардан кылдат кайтарат. Март айында 1–2 жумуртка тууп, ургаачысы 45 күндө басып чыгарат. Бүркүт көзү курч, кыраан жырткыч куш. Түлкү, суур, эчки-теке, улар жана башка алып азыктанат. Кыргыздар эзелтен аны таптап, аң уулоодо пайдаланат. Мүнүшкөрлөр бүркүткө түлкү, карышкыр жана башка алдырат. Кыргызстандын Кызыл китебине катталган. Бүркүт абдан күчтүү куш болуп саналат

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]