Кыргызстан тарыхы

Википедия дан


Кыргызстан желеги Кыргызстан тарыхы
Кыргызстандын байыркы тарыхы
Таш доору
Коло доору
Андронов маданиятыЧуст маданияты
СактарУсундарКангүйХунндарДабан
Түрк доорундагы Кыргызстан
Түрк кагандыгы (552603)
Батыш кагандык (603704)
Түргөш кагандыгы (704756)
Карлук кагандыгы (756940)
Караханийлердин мезгилиндеги Кыргызстан
Караханийлер (9401212)
Батыш-Караханийлер (10401212)
Чыгыш-Караханийлер (10421212)
СелжукийлерКаракытайлар (11401218)
Наймандар
Моңгол доорундагы Кыргызстан
Моңгол империясы (12061368)
Чагатай улусу (12221370)
Моголстан (13461705)
Теңиртоо кыргыздарынын тарыхы
Алатоо-Кыргыз дуалдык мамлекеттүүлүгү (XVI-XVII)
Жуңгар хандыгы
Каратегин кыргыздарыБатыш кыргыздары
Арка кыргыздары
Кокон хандыгы (18311876)
Орусия империясынын курамында
Орусия империясынын курамына кириши (18551876)
Түркстан генерал-губернаторлугу (18671886)
Түркстан крайы (18861918)
ССР Союзунун курамында
Кара-Кыргыз АО (19241925)
Кыргыз АО (19251926)
Кыргыз АССРи (19261936)
Кыргыз ССРи (19361991)
Кыргыз Республикасы (1991—учур)
Портал | Категория

Андай эмес

Эң байыркы доор[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргызстандын аймагында байыркы адамдардын Орто-Азия чөлкөмүндө табылган эӊ эски турактарынын бири болгон Оӊ-Арча үӊкүрү жайгашкандыгы белгилүү. Бул үңкүрдүн тарыхый эстеликтери дүйнөлүк тарыхтын маанилүү парчасы болуп саналат.

Бул мезгилде төмөнкү доорлор өткөн:

  • Палеолит (4.5млн.жыл-12мин жыл илгери)
  • Мезолит (12.000 жыл-7.000 жыл илгери)
  • Неолит (7.000-5.000 жыл илгери)
  • Эрте коло доору (б.з.ч.III мин жылдыктын соӊу – II миӊ жылдыктын башы)
  • Орто коло доору (б.з.ч. XVI-XII кылымдары)
  • Соӊку коло доору (б.з.ч. XII-IX кылымдары)
  • Темир

Байыркы элдер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сак урууларынын биримдиги (б.з.ч.VI-II кылымдар)[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Негизги макала: Сактар

Андан кийинки тарых Кыргызстандын жергесинде жана жамаатташ жайгашкан аймактарда биздин заманга чейинки VIII-II кылымдарда жашаган сак урууларынын тарыхы менен байланыштуу.

Акыркы кездеги археологиялык изилдөөлөргө караганда, сактардын этногенези кеч коло доорундагы ар кыл – карасук, бегазы, херексур, бугу таштары өңдүү борбордук азиялык маданияттар менен байланыштырылууда. Б.з.ч. тарыхый жазма булактарда биринчи кездешкен көчмөн калк катары белгилүү болгон сактар тууралуу кабарларды грек авторлору Геродот, Страбон, Ктесий, Квинт-Курций жана персиялык Дарий биринчинин учурундагы жазуулар (Персеполись, Бехистун), ошондой эле кытай жазма булактары (Ханьшу, Шицзи) беришет.

Б.з.ч. VIII-VII сактар күчтүү Ассирия, Урарту мамлекеттерине коркунуч келтирип турган. Сактардын Зарина аттуу падышасы Мидия падышачылыгы менен азыркы Ирандын территориясында Парфиядагы бийлик үчүн ийгиликтүү салгылашып турган. Б.з.ч. 558-жылы бийликке келген перс падышасы Кир 20 жылга жетпей Кичи Азияны, Закавказьени, Сирияны, Палестинаны, Орто Азияны басып, күчтүү держава түзөт. 543-539-жылдары Кир аскерлерин түндүк-чыгышка карай багыттап, болжолу сактарды багынткан. Кир сактар менен согушпастан гана, кээде жардам сураган учурлары болгон; Лидия падышасы Крез менен согушканда сактар жардам берген. 530-жылы Падыша аял Томиристин колунан жеңилген Кирдин өлүмүнөн соң сактар көзкарандылыктан бошойт. 522 жылы бийликке келген I Дарий кайра 519-ж. сактардын жерин басып алат. Айрым сак уруулары убактылуу I Дарийдин бийлиги астында болгону менен, катуу басмырланбаган. Сактарга ишеним көргөзүлүп перс падышасынын тандалма аскерлеринин катарында перс падышасынын гвардиясында, "он миң өлбөстөр" гвардиясында кызмат өтөшкөн. Грек-перс согушунда сактар перстер тарапта согушкан. 518-жылы I Дарий масагеттерге каршы жортуулга чыгып жеңишке жетише алган эмес Алар сактар

Хуннулар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Негизги макала: Хуннулар

Б.з.ч. III кылымдын акырында негизделген хуннулардын Улуу дөөлөтү, Мете (Модэ) шанүйдүн мезгилинде, 203-201 жылдары түндүктү карай багытталган жортуулдарында хуньюй, кюеше, динлин, гэгунь (кыргыз), цайли калктарын баш ийдиргени белгилүү.

Метенин мураскору Лаошандын тушунда б.з.ч. 177-жылы хунну аскерлери юэчжилерди, Чыгыш Түркстандагы ээликтерди баш ийдирет. Кийинки чабуулда юэчжилер алыс батышка кетип, эки ордого бөлүнгөндө, анын бири болгон чон юэчжилер өз жеринен Ганьсу аймагына, Теңир-Тоонун түндүк тарабына келишип, бул жердеги сактарды талкалап, баш ийдиришкен. Юэчжилерден кийин, «Улуу көч доорунда», б.з.ч. 160-158 жылдары Жети-Сууга Ганьсудан усундар келет. Б.з. I кылымынын ортосунда Борбордук Азиядагы Хуннулардын державасы эки ордого бөлүнөт. Кийинчерээк түндүк хунндары тышкы душмандардын кысымдарына жеңилип, бир бөлүгү сянбилерге багынып, бир бөлүгү батышка кеткен. Теңир-Тоодо, Жети-Сууда жашаган сактарды жана юэджийлерди багындарган усундар өздөрүн «хуннулардын вассалдарыбыз» деп эсептеп келишкен.

Борбордук Азиядагы хуннулардын урпактарынын орто кылымдардагы түрк тилдүү калктарынын калыптанышында орду бар. Анткени, хуннулардын боз үй жасоо ыкмалары, аскер куралдары, диний ишенимдери кийинки орто кылымдагы түрк тилдүү калктардын маданиятында уланат.

Давань мамлекети (б.з.ч. IV-I кылымдар)[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Негизги макала: Даван мамлекети

Даван мамлекети фарсы жазма булактарында Паркана, кытай жылнаамаларында Да-юан (Дабан) деп аталган, б.з.ч. биринчи миң жылдыктын акырынан б.з. биринчи миң жылдыгынын башына чейин жашаган Фергандагы мамлекет болгон. Кытайдын хань империясы менен соода байланышы болгон. «Дабан асман аргымактары» менен таанылышкан; ошонун айынан б.з.ч. 104-102-жылдары кытайлыктар согуш ачып, натыйжада Эрши талкаланат. Кийинки борбору Гуйшан шаары болуп, хань бийлигин таануудан баш тартышкан. Б.з. 42-36 жылдары түндүк хуннулардын шанүйү Чжичжи давандыктарга жортуул уюштуруп, баш ийдире алган эмес. Кийин хун жана Кушан империялары бир канча ирет басып алганга аркеттенген. V кылымында Ферганадагы Дабан мамлекетинин ордун түрктөр, эфталиттер басып алган.

Даван мамлекетин падыша башкарып, анын жакын туугандарынан чыккан эки жардамчысы болгон. Бийлик чектелген монархия деп эсептелинет. Аксакалдар кеңешинин ролу жогору туруп, падыша бийлиги элди канааттандырбаса аксакалдар кеңеши анын бийлигин чектей алышкан, ал гана эмес өлүм жазасына тартууга укугу болгон. Кытай жазма булактарындагы маалыматтар боюнча аялдарды мыкты сыйлашкан; аялы эмне айтса, күйөөсү аткарууга тийиш болгон. Мамлекеттин ичинде 70 тен ашуун шаары болуп, калкынын саны 300 миңден ашкан. Дыйканчылык жана мал чарбачылык менен кесиптенишип, күрүч, буудай, беде, пахта эгишкен жана кой, эчки, төө, уй, жылкы багышкан. Даван мамлекетинин борбору болгон Эрши шаары болжолу Араван кыштагынын жанындагы Мархамат шаар урандысы турган жерде жайгашкан. Айрым окумуштуулардын пикиринде Эрши азыркы Ош шаарынын аймагында жайгашкан.

Усунь урууларынын мамлекети (б.з.ч.II- б.з. V кылымдар)[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Негизги макала: Усундар

Усундар б.з.ч. II кылымда Дунхуан аймагында (районунда) жана Хуанхэ дайрасынын жогорку агымы тарапта жашап, II кылымдын ортосунда (болжолу б.з.ч. 160 жылдары) Чыгыш Теңир-Тоого ооп келип жергиликтүү калкты багындырып Или жана Иссык-Көл, Теңир-Тоо, Алай аймактарынан конуш алган. Археологиялык маалыматтарга карганда жергиликтүү сактардан калган журту усундар менен аралашып жашап кеткен. Б.з.ч. 161-158-жылдардын аралыгында хуннулардан көзкаранды эмес деп жарыяланып, “Усун го” – усундардын мамлекети түзүлгөн. Усундардын башчысы куньмо (күн-бий, күн баг) наамында болгон. Калкы 120 миң түтүн, аскеринин саны 188 800гө жеткен бул мамлекеттин борбору Ысык-Көл аймагындагы Чигу шаары (Чигучен – кызыл өрөөндөгү шаар) болгон. Ал шаардын орду тууралуу учурда Кытайдагы Шаты, Ысык-Көлдөгү Сары-Булуң, Кызыл-Суу, Тоңдогу Кан-Дөбө чеби менен байланыштырылган бир канча пикирлер бар. Б.з.ч. I кылымдын акырында усундардын күн-бийи Унгуйминин кол башчылыгы астында хуннулар менен салгылашып жеңишкен. Негизинен мал чарбачылык менен кесиптенишип, ошону менен бирге эле отурукташып, дан эгиндерин айдап, туруктуу кыштакта жашаган журту болгон. Кийин алар батыш түрк каганатынын элине жуурулушкан.

Сактардын тарыхы аркылуу байыркы кыргызстандыктардын байыркы Иран жана Греция менен болгон байланыштары билинсе, андан кийинки усундардын (б.з.ч. II – б.з. V кк.) тарыхы аркылуу байыркы Хань доорундагы Кытай жана Гунндар менен болгон карым-катнаштарын көрүүгө болот. Усундардын доорунда Кыргызстандын жергеси аркылуу Ыраакы Чыгыш менен Жер Ортолук деӊизинин аймагын байланыштырып турган Улуу Жибек жолу негизделген. Ушул доордо Кыргызстандын жана жамааташ аймактарда жашаган элдердин арасына Индия тараптан буддизм дини кенири жайыла баштап, Кыргызстанга алгачкы жолу башка маданияттардын таасири кучак жая баштаган.


Көктүрктөр доору[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Биздин замандын VI кылымынан тарта Кыргызстандын тагдыры даӊазалуу Байыркы Түрк империясынын тарыхы менен тыгыз байланышта болгон. Байыркы Түрк империясынын чек аралары Ыраакы Чыгыштан Жер Ортолук деӊиздин аймагына чейин созулуп, бул кеӊири аймактар Евразиянын Улуу Жибек жолу байланыштырып турган өлкөлөрүн өз кучагына алып турган. Бул доорлордо Кыргызстандын жергесине Византиядан Иран аркылуу Христиан дининин Несториан агымы жана Ирандын өзүнөн Зороастризм дининин Манихеизм агымы келип жайыла баштаган. VI кылымдан тартып X кылымдар аралыгындагы доор Борбордук Азиянын тарыхый-маданий аймагында, анын ичинде Теңир-Тоо чөлкөмүндө кыйла өзгөрүүлөрдү алып келген.

Түрк каганаты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жужандар талкаланып, I Түрк каганаты негизделгенден кийин Бумын-кагандын иниси Истеми батыш аймактарга карай болгон согуштук жүрүштөрдү жетектеп, анын жортуулу Чыгыш Туркестандын, Теңир-Тоонун түндүк тарабы аркылуу Жети-Сууга, Орто Азияга карай багытталган эле. Теңир-Тоого чектеш аймактарда түрктөр эфталиттер менен кагылышкан. 555 жылы түрк уруулары батышындагы Жети-Сууну, Орто Азиянын талаа тилкесин, Сыр-Дарья, Аралга чейинки жерлерди ээлешет".

Батыш түрк (Он ок) каганаты (603-658)[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Негизги макала: Батыштүрк каганаты

Биринчи түрк каганатындагы 20 жылга жакын созулган ич-ара тартыш 603-жылы империянын биротоло эки мамлекетке бөлүнүшүнө алып келет. Биринчи Түрк каганатынан өз алдынча Батыш түрк каганаты бөлүнгөндөн кийин ал "Он Ок Эли" деген мамлекет болуп атала баштайт. Мамлекеттин согуштук-административдик системасы "Он Ок Будун" деп аталган. Ал "дулу" жана "нушиби" деген ар бири беш уруудан турган канаттарга бөлүнгөн. "Ар бир муундагы башчыга бирден ок берилип, аларды Он Ок деп аташкан. Ар бир "ок" керек болгон учурда 10000 аскер берүүгө тийиш болгон". Андан тышкары алар он жана сол канатка бөлүнүшкөн. Кагандын тактысы Теңир-Тоо аймагында жайгашкан. Батыш түрктөрдүн "негизги ордосу" Жети-Суу жана Борбордук Теңир-Тоо болуп, батыш түрктөр каганатынын курамына Орто Азиянын көпчүлүк бөлүгү, Поволжье, Приурале аймагы Казахстан, Алтай, Жунгария, Чыгыш Туркстан кирген. Ал эми Алтай Батыш түрк каганатынын "чыгыш чек арасы" болгон.

Түргөш каганаты (699-744)[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Негизги макала: Түргөш каганаты

704 жылы Кулан шаарында батыш түрктөрүнүн Ашина Син деген акыркы каганын түргөш каганы Мохэ Даган Үч жилэ өлтүрүп, өзүн каган деп жарыялашы менен Батыш түрк каганаты жашоосун токтотту. Түргөштөр теги жагынан "Он Ок Будун" элинин "дулу" деп аталган чыгыш канатына киргендерини бири болгон. Түргөштөр "кара" жана "сары" түргөш деген эки канатка бөлүнгөн. Түргөш каганатын негиздеген Yчжиле (Yч-Элик) ак сөөк, сары түргөштөрдөн чыккан өкүл болгон. Батыш түрктөрүнүн Бешбалыкка сүрүлүп чыгарылып, алардын Ашина уруусунун өкүлдөрү тан наместнигинин колдоосу менен бирге кетиши түргөштөрдүн күчөшүнө түрткү берген. Каган Yч-Элик (Yчжиле) өзүнүн эки ордосун Суяб жана Күнгүт (Кюнгют) шаарларында орноткон. Yч-Элик каза болгондон кийин каган ордо тагына уулу Сакал-Каган (Согэ) келет. Анын 300 000 миң жоокерден турган бараандуу аскери болгон. 712-713- жылдан Чабыш-чур Сулук « элди чогултуп" өзүн түргөштөрдүн каганы деп жарыялаган. Кытай жазма булактарына караганда Сулук «кол алдындагыларына жакшы мамиле кылган. Уруулары улам көбөйүп 200 000ге жетип, батыш аймактарда кайра күчтүү болуп калган» дейт. Түргөштөрдүн Согдиянага, Тохаристанга жасаган жортуулдары ийгиликтүү аяктайт. Жортуулдун бирин каган өзү жетектеп барган. 730 жылы ал Аму-Дарыядагы чабышта арабдардан жеңилет. Согуштун улана бериши түргөш ак сөөктөрүнүн нааразылыгын туудургандыктан, козголоң уюштурулуп, 738 ж. Сулук каган өлтүрүлгөн. Каганаттын ичинде кара жана сары түргөштөрдүн ортосунда өз ара согуштар башталган. Түргөштөр арабдар менен согушту уланта беришет, бирок, алардын каганы Күл-Чор бага-тархан 744 ж. туткунга түшүп, анын сөөгүнүн өрттөлүшү менен түргөштөр үчүн өлүмдөн да катуу сокку болот. Түргөштөрдүн начарлашы Жети-Сууга батыштан арабдардын, чыгыштан кытайлардын жылышына түрткү болгон. 751-жылы Талас суусунун боюнда халифаттын жана Тан империясынын аскерлери кездешип, 5 күнгө созулган салгылаш болуп өтөт. Натыйжада, карлуктардын кийлигишүүсү менен кытайлар талкаланып, Жети-Суудан сүрүлүп чыгарылган. Жети-Сууда кара жана сары түргөштөрдүн чабышы улана берген маалда, 766 ж. карлуктар Жети-Сууну толугу менен өздөрүнө багындырышып, Суябды ээлешет.

Карлук мамлекети (766-940)[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Негизги макала: Карлук каганаты

Карлуктар байыркы түрк рун жазууларында "карлук бодун" жана "үч-карлук" деген ат менен белгилүү. 744- жылы басмыл, уйгурлар жана карлуктар биригип экинчи Чыгыш түрк кагандыгын талкалашкан. Карлуктардын жол башчылары 746-жылы өз урууларын жетектеп Жети-Сууга көчүшөт. 751-жылы Таласта кытайлар менен араб аскерлеринин ортосунда болгон чечүүчү салгылашууда кытайлардын тылынан карлуктар чабуулга өтүп, кытайлар толук талкаланат. 766-жылы карлуктар Жети-Сууну, Таласты, Чу дайрасынын боюн багындырып, Батыш Теңир-Тоого чейин жетишкен. IX кылымдын башында кыргыздардын жана карлуктардын башкаруучуларынын ортосунда сулалелик (династиялык) союз түзүлгөн. Карлук башкаруучусу "Гэлу Шехунун" кызы кыргыз ажосунун аялы болуп калган. 840-ж. кыргыздардын Уйгур каганатын талкалап, Улуу дөөлөттү курушу, карлуктарды чыгыш тараптагы коркунучтан арылткан. Кыргыздардын аскерлери Теңир-Тоонун чыгышына жетип, Бешбалык, Куча шаарларын ээлейт.

Караханийлердин доору[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Караханий мамлекети
Өзгөн

Караханийлер мамлекети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Негизги макала: Караханийлер мамлекети

Ушул эле 840-жылы карлук ябгусу Билге Күл Кадыр-хан Борбордук Азиядагы көчмөн калктардын үстүнөн жогорку бийлик жүргүзүүгө теңтайлашып, каган наамын алат. Окумуштуу С.Г. Кляшторный Карахандар династиясынын баштоочусу болуп, өзүн 840-ж. каган деп жарыялаган карлук ябгусу - Билге Кадыр - каган болгон деп эсептейт.

893-ж. Исмаил ибн Ахмед Сомани Тараз шаарын курчоого алат. Тараздын кулашы менен кагандын аялы, жана көп сандаган аскерлери туткунга түшөт. Карлук каганы Огулчак Кадыр - хан Кашгарга качып барып согушту уланткан. Талас өрөөнү, Меркеге чейин Чүй өрөөнү Саманийлердин бийлиги астында калып, бул аймактарды саманийлер көчмөндөрдүн арасында ислам динин таратуучу борборго айлантат. Согушта жеңилгенине карабастан карлук башкаруучулары түрк тилдүү көчмөндөрдүн үстүнөн бийлик жүргүзүүгө аркеттене беришкен. 935-ж. Сатуктун уулу Муса каган такка келип, кийин 960-жылы ислам динин мамлекеттик дин катары кабыл алат. 999 жылы Саманийлер мамлекетинин начарлашынан пайдаланып, караханийлер алардын Жейхунга (Аму-Дарьяга) чейинки жерин басып алышкан. 1069-1070 жылдары бири-бирине көз каранды эмес Чыгыш жана Батыш кагандыктарга бөлүнүп кеткен.

VIII кылымдан тартып эле Араб Халифатынын Орто Азиядагы экспансиясынын күчөшүнүн натыйжасында Мавераннахр аркылуу Кыргызстанга Ислам дини акырындап тарай баштаган эле. Бул диний агымдардын таралышы менен Кыргызстанда бара-бара жазма маданияттын жаралышына ыӊгайлуу өбөлгөлөр түзүлүп, адегенде байыркы түрктөрдүн руникалык жазуусу, андан соӊ IX-X кылымдарда араб алфавитине негизделген жаңы жазуу системасы ортого чыккан. Караханийлердин мамлекетинин доорунда ислам дини бүтүндөй Кыргызстандын калкынын расмий дини катары кабыл алынып, жергиликтүү калк араб-мусулман цивилизациясынын ажырагыс парчасына айланган эле. Караханийлер мамлекетинин негизин карлуктар, ягмалар, чигилдер, тухсилер жана карлук уруулук бирикмесине кирген Орхон түрктөрүнүн калдыктары түзгөн. Тарыхчылар бул каганаттын жалпы эле түрк элине таандык мамлекет болгондугун айтышат. Караханийлер мезгилинде Баласагун, Ош, Өзгөн, Барсхан, Кочңар-Башы, Атбаш ж.б. шаарлар өз өрөөндөрү учун чарбалык, акимдик башкаруу боюнча гана эмес, маданий-агартуу боюнча да олуттуу роль ойногон шаар¬лар болгон.Турк дүйнөсунун мусулмандык доордогу маданиятынын берметтеринин бири жана жалпы турк калктарынын орток акыны жана ойчулу болуп саналган Жусуп Баласагуни Чуй өрөөнүндөгү Баласагун шаарынан болгондугу белгилүү. Ал 1069 —1070-жж. он сегиз айлык мөөнөттө өзүнүн даңазалуу «Кутадгу билиг» («Кут алчу билим») дастанын жазган жана аны Кашкарда отурган Чыгыш Караханийлер каганы Сулайман Арслан Кара хакандын уулу Тавгач Буура Кара хакан Абд Али Хасанга (1056—1103-жж. бийлеген) тартуу кылган.

Ысык-Көлдүн туштук-чыгышында жайгашкан Барсхан шаарында туулуп, Кашкарда билим алган дагы бир даңазалуу аалым — XI к. турк этнологу, диалектологу, фольклорист, тарыхчысы, тилчиси, географы, картографы, түрк боордоштугунун идеологу Мах¬муд Кашгари (Бархани) да ушул доордо жашаган. Анын «Диван лугат ат-турк» («Турк тилдеринин сөз жыйнагы») аттуу эмгеги жана андагы дүйнөнүн тегерек картасы белгилүү. Анын картасында Теңир-Тоо тоо системасы, Ысык-Көл, Баласагун, Барсхан, Кочңар-Башы шаарлары көрсөтүлгөн.

Каракытайлар, селжуктар жана наймандар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

XII к. экиичи чейрегинин башында азыркы Кыргызстандын аймагы чон саясий окуяларга туш болот. 1130-ж. чыгыш тараптан каракытайлардын башчысы Елүй Даши Жети-Сууга келип, Баласагун шаарын каратып, аны өз байтактысы (ордо шаары) катары жарыялаган. Каракытай гурхандары Караханийлердин ички ишине кийлигишпей, салык жыйноо менен гана чектелген. Кийин чыгыштан моңголдордон качып келген найман канзаадасы Күчлүк кара-кытайлардан бийликти тартып алат. 1218-жылы Жебе нойон баштаган моңголдор Алмалык, Баласагун, Кашкарды ээлеген учурда, Күчлүктөн запкы жеген калктын жардамы менен моңголдор мамлекетти кулатып, Кыргызстан Моңгол империясынын ичинде калат.

Моңгол доору[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Негизги макала: Моңгол империясы

XIII-кылымдын башынан тарта Чыӊгыз-хан жетектеген моӊгол жапырыгынын натыйжасында Кыргызстан жана жамаатташ жайгашкан аймактар тарыхта биринчи жолу дүйнөлүк масштабдагы Моӊгол империясынын катмарына кирген.Чагатай баштаган моӊгол хандары башкарган Кыргызстан бул империянын эӊ маанилүү экономикалык жана маданий чордондорунун бири болгону дүйнөлүк тарыхта таасын чагылдырылган. Айрыкча Батыш менен Чыгышты байланыштырып турган Улуу Жибек жолунун бул доордогу ролу абдан күч алып тургандыгы белгилүү.

Чагатай улусу (1227-1348)[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Негизги макала: Чагатай улусу

Хайду мамлекети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Негизги макала: Хайду мамлекети

Моголстан мамлекети (1345-1514)[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Негизги макала: Моголстан

Теңиртоолук кыргыздардын доору[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз урууларынын экилтик мамлекеттүүлүгү (XVI-XVIIIкк.)[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Негизги макала: Кыргыз бирикмеси

Байыркы энисейлик кыргыздардын урпактары болгон Алтай жана Эртыш боюндагы кыргыз уруулары XV кылымдын ортосунан тарта Моголистан мамлекетинин кулашынан пайдаланып, Теңир-Тоонун тоолуу-токойлуу чөлкөмдөрүнө көчүп келишип, бул жерде «Оң Канат» жана «Сол канаттан» турган экилтик этно-саясий структураны түзүшөт. Дал ушул экилтик структуранын алкагында Тенир-Тоону атамзамандан бери байырлап келе жатышкан түрк тектүү уруулар жана кийинчерээк моңгол доорунда чыгыштан көчүп келишип, түрктөшүп кетишкен моңгол тектүү уруулар кыргыздар менен аралашып, Теңир-Тоо кыргыздарынын калыптанышына чоң салым кошкон.

Жуңгар хандыгы жана Кыргыз ээлиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Негизги макала: Жуңгар хандыгы

Батыш жана Чыгыш кыргыздары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кокон хандыгы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Негизги макала: Кокон хандыгы

Орусиянын тушунда[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Орусия иимпериясынын курамында[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Түркстан хандыктарынын бытырандылыка учураган мезгилдеринде түндүк-батыштан Орусия империясынын Орто Азияга умтулуу саясатынын натыйжасында Кыргызстан XIX-кылымдын ортосунда Россиянын букаралыгына кирет. Ушундан тарта Кыргызстан аймагына Батыш маданиятынын таасири арта баштаган.

Кеңештик биримдиктин мезгили (СССР)[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Негизги макалалар: КСРБ, Кыргыз КСРы
Кыргыз ССРинин желеги

XX-кылымдын башындагы Россиядагы коммунистик режимдин орношу менен Кыргызстанда адегенде латын алфавитине таянган жазуу системасы, андан кийин кирилл алфавитине негизделген жаны адабий жазма маданияты ортого чыккан, ал ушул күнгө чейин уланып келе жатат.

Эгемендик мезгил[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Негизги макала: Кыргыз Республикасы

XX-кылымдын соӊунда СССРдин кыйрашы менен жетишкен эгемендик доорунда Кыргызстан алгачкы жолу БУУнун жана башка абройлуу эл аралык жана регионалдык уюмдардын мүчөсү болуп, эл аралык мамилелердин субьектисине айланды. Кыргызстандагы дүйнөлүк маданияттын таасирин негизинен англис тилинин ургалдуу түрдө жайылышы жана интернет желесинин кеӊири таркалышы аркылуу күч алып бараткандыгын байкоого болот.

Эскертүүлөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Асанканов А., Бедельбаев А., Сапаралиев Д. ж.б. Кыргыз Республикасынын Тарыхы. — Бишкек, 2000.
  • Бартольд В. История культурной жизни Туркестана. Соч. Том.2. — Москва, 1963.
  • Genç R. Kaşgarlı Mahmud’a Göre XI.yyda Türk Dünyası. — Ankara, 1997.
  • Чоротегин Т. Махмуд Кашгари (Барскани) «Дивану лугати ат-түрк» сөз жыйнагы (1072-1077). — Бишкек, 1997.
  • Пиков Г. Кидани. — Новосибирск, 1989.
  • Абрамзон С.М. Кыргыздардын этногенетикалык жана тарыхый маданий байланыштары // Кыргыздар, 2-том. — Бишкек, 1993.
  • Асанканов А., Бедельбаев.А., Сапаралиев.Д. ж.б. Кыргыз Республикасынын Тарыхы. — Бишкек, 2000.
  • Аттокуров С. Кыргыз санжырасы. — Бишкек, 1995.
  • Бартольд В. Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы боюнча тандалма эмгектер. — Бишкек, 1997.
  • Табышалиев С. Происхождение кыргызского народа... — Фрунзе, 1991.