Чуст маданияты

Википедия дан

Чуст маданияты – коло дооруна (б. з. ч. 3–1-миң жылдыктар) таандык Фергана өрөөнүндө байыркы дыйканчылыкка негизделген маданияттын шарттуу аталышы. Кыргызстанда Чуст маданитынын тургун жайлары Өзгөндүн жанынан, Куршабдан, Ноокаттан, Оштун Сулайман тоосунан, Яссыдан, Талдысуудан, Карадарыянын жээктеринен жана Фергана өрөөнүнүн күн чыгыш тарабынан орун алган. Ч.мененын б.з.ч. 2-миң жылдыгында гүлдөп өсүшүнө жердин физикалык-географиялык шарты – түшүмдү көп берүүчү жер, жагымдуу климат жана суунун мол болушу түрткү болгон. Бул жерде жер иштетүү жогорку деңгээлде өнүккөн. Окумуштуулар М. Э. Воронецтин, В. И. Спришевскийдин болжолунда бул маданиятта саздак жерлерди иштетүү менен чектелбестен, жер жасалма жол менен же каналдар аркылуу сугарылган. Чуст тургундары арпа, буудай, таруу, сулуу эгишкен. Чуст маданиятынын эстеликтеринде дан жана тамак-аш азыктарын сактоо үчүн даярдалган чуңкурлар басымдуу орунду ээлейт. Айрымдарынан дан өсүмдүктөрүнүн калдыгы табылган. Аларды кургак, сапаттуу сакташ үчүн кээ бир чуңкурлардын ички бетин ылай менен шыбап же кыш менен каптап чыгышкан. Чуст маданиятынын тургундары жерди жумшартуу үчүн таш кетмендерди колдонушкан. Дан азыктарын майдалоо үчүн ары-бери жылдырылып иштетилүүчү (айлантылып иштетилүүчү таш жаргылчактар кийин ойлоп табылган) сүйрү жаргылчактарды пайдаланышкан. Ошондой эле таштан жасалган бычактар кездешкен, болжолу аларды орок катары колдонушкан. Үй шартында мал багуу маанилүү роль ойногондугун маданий катмарлардан табылган сөөк калдыктарынын молдугу күбөлөндүрөт. Уй менен жылкынын сөөк-төрү башка жандыктардын сөөктөрүнөн аз. Үй жаныбарлары маанилүү тамак-аш азыгы болуу менен алардын териси, жүнү үй тиричилиги үчүн пайдаланылган. Жилик сөөк-төрдөн кээ бир куралдарга сап, майда жанчылган сөөктөрдөн шибеге сыяктуу буюмдарды даярдашкан. Жаныбарлардын тиштерин көзөп шуру же тумарчаларды жасашкан. Табылган койдун чүкөлөрүнүн айрымдарынын беттери жылмаланган, кээсинде кандайдыр бир белгилер тартылган, ортосу оюлуп коло куюлган чүкөлөр да кездешет. Чопо идиштердин беттеринен кездеменин калдыктары табылып, кездемени даярдоо технологиясы тууралуу маалыматтар алынган. Малдын жүнүнөн кездеме токушкан. Болжолу токуу станогу да колдонулган. Ошондой эле чоподон жасалган ийиктер көп кездешкен. Фергана өрөөнүнөн табылган коло доорундагы чопо идиштер колго ийленип жасалган. Ар бир идиш белгилүү максатта пайдаланылган. Мис., тамак-аш куюлуучу суюк же дан азыктарын сактоо үчүн кумура. Түзүлүштөрүнө, көлөмдөрүнө караганда кумуранын 30дан ашуун түрлөрү жасалган. Көпчүлүк идиштердин жакшы жасалгандыгына караганда чопо идиштерин жасай турган чебер адис жашаган. Чуст маданиятынын көлөмдүү эстеликтери сыртынан чеп менен бекемделген. Бекемделген чептин пайда болушу мүлктүк жиктелүүнүн келип чыгышы, байлыктын көбөйүшү, согуштук кагылышуулардын күчөшү менен тыгыз байланыштуу. Коомдун турмушу жагынан алганда Ч.мененын доору Фергана өрөөнү үчүн зор экон. өнүүгүнүн мезгили болгон. Окумуштуу Б. Литвинскийдин пикири боюнча Чуст тургундары тили жагынан иран эмес прототохарлар болгон. Чуст маданияты тараган Фергана өрөөнүндө андрон маданиятына мүнөздүү чопо идиштин сыныгы Ош шаарындагы Сулайман тоонун этегинен табылган. Ошондой эле коло буюмдарында эки маданиятка тең мүнөздүү окшоштуктарды баамдоого болот.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.