Улуу Селжук мамлекети

Википедия дан
Улуу Селжукий мамлекети
Улуу Селжукий мамлекети
سلجوقيان / Salcūqiyān

1038 — 1157



Борбор калаа Нишапур, Рей, Исфахан[1]
Тил Түркчө[2], Фарсыча
Дин Ислам
Башкаруу формасы монархия
Сулале (династия) Селжукийлер
Хакан, Султан, Шах
 - 960-1009[3] Селжук Бей
 - 1131-1157 Ахмед Санжар
Өтүүчүлүк
Газневий мамлекети
Батыш-Караханий хандыгы
Бувейхийлер
Византия империясы
Хорезмшахтар
Кония султандыгы
Илденизийлер
Зангийлер
Артукийлер
Улуу Селжук мамлекети (1100-жыл)

Улуу Селжук мамлекети (Селжуктар мамлекети) (түрк. Büyük Selçuklu Devletı) – орто кылымдардагы Борбордук Азия менен Ортоңку Чыгыштагы көчмөн огуз-түрк урууларынын кубаттуу мамлекети. Огуз-түрк урууларынын жол башчысы Селжуктун атынан аталган.

Кыскача тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Түрк тилинде сүйлөгөн огуздардын жол башчысы Дукак уулу Селжук аттуу жабгунун атынан аталган Селжуктар сулалеси XI к. 30-ж. Газневийлер мамлекетине караштуу Хорасан аймагын өзүлөрүнө көз каранды кылып, 1040-ж. Данденакандын жанында Газневийлерди талкалаган. Селжуктар султан титулун алган Тогрулбектин башчылыгы менен Хорасанды (1038–44), Хорезмди (1043), Батыш Иранды (1042–51), Азербайжанды (1054), Ирак менен Багдадды (1055); Алп-арслан (1063–1072) менен Мелик-шахтын (1072–1092) тушунда Арменияны, Малазгирттин (1071) алдында Византия аскерлерин талкалагандан кийин Кичи Азияны, Сирия жана Палестинаны каратып алышкан. Тогрулбектин учурунда мамлекетинин борбору Рей шаарында, агасы Чагры-Бектин тушунда борбору Мерв кааласында жайгашкан. Селжук мамлекети бөтөнчө Абул-Фатх Жалал ад-Дин Мелик-шахтын тушунда аскердик-саясий жактан күчтүү болуп, Кичи Азияны, Сирияны, Палестинаны, Грузияны, Орто Азиядагы Караханийлер мамлекетинин бир катар батыш аймактарын каратып алган. Ал кезде өлкө борбору Исфахан шаарында жайгашкан. Тилекке каршы ички феодалдык чыр-чатактардан улам Селжуктар мамлекети Кирман (1041-1187), Рум (Түркия) (1077-1307), Сирия (1097-1107) ж. б. майда султандыктарга бөлүнүп кеткен.

Биринчи чырымчылар (кресттүүлөр) жортуулдарынан кийин Селжуктар мамлекети Палестинадан, кийин Сирия, Грузия жана Кичи Азиянын айрым аймактарынан ажыраган.

1118-ж. Мелик шахтын уулдары Селжук мамлекетин бөлүп алышкан. Анын төртүнчү уулу Муизз ад-Дин Абу-л-Харис Ахмад Санжарга (Султан Санжар) Хорасан аймагы, анын ичинде Мерв шаары (азыркы Түркмөнстандагы Мары шаары) м-н чыгыш аймактар, Махмудга Батыш Иран м-н Ирак (Ирак Селжук султандыгы, 1118-1194) тийген.

Санжар султан (1118-1157) өз алдынчалыкка умтулган ири феодалдарга каршы күрөшкөн. Ал 1141-ж. Элүй Даши жетектеген Кара кытайлардын колуна каршы Самарканд шаарында урушка кирип, бирок алардан жеңилип, Борбордук Азиядагы бийлигинен ажыраган. 1153-ж. Борбордук Азиядагы огуздардын башка уруулары анын Мерв, Нишапур, Тус ж. б. шаарларын чаап алган, өзүн 1156-жылга чейин туткундап турган. Ошол эле жылы ал туткундан качып чыгат, бирок 1157-жылы ич өткөктөн кайтыш болот. Анын сөөгү Мерв (Мары) шаарына коюлган. Султан Санжардын күмбөзүн 13-кылымдын башында монголдор кыйратып салган.

Феодалдык ичара согуштардын, ошондой эле Катаван талаасындагы (1141) кыргында кара-кытайлардан жеңилүүнүн натыйжасында Улуу Селжук мамлекети биротоло кыйраган.

Султан Санжар өлгөндөн кийин Хорасан, Керман ж-а Батыш Ирандын ортосундагы отуз жылга созулган феодалдык ич ара согуштан кийин бийликке Ануштегинийлер келген. Кичи Азияда болсо селжуктардын чакан Конйа (Түркия) султандыгы гана сакталып калган.

Кыргызстан жана Селжуктар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Азыркы Кыргызстандын аймагынан чыккан даңазалуу окумуштуу Махмуд Кашгари Барскани султан Мелик-шахтын тушунда Багдад шаарында бул султанга саясий көз каранды болгон Аббасийлер халифине 1077-жылы өз эмгегин тартуулоо ниетинде болгону маалым. Айрым орто кылымдык санжыралык маалыматтарда кыргыздардын Фергана аймагындагы бөлүгү Султан Санжардын тушунда эле Мавераннахрда байырлаганы тууралуу айтылат (Сайпидин Аксыкендик, б.а. Сайфу д-Дин Ахсыкенди жазган “Мажму ат-таварих” эмгегин караңыз).

Улуу Селжук мамлекетинин башкаруучулары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Селжуктар мамлекетинен бөлүнгөн селжук султандыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыскача адабият тизмеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1990. – 288 бет. – Рецензент: тарых илиминин доктору Өмүркул Караев. - ISBN 5-89750-028-2.
  • Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.
  • Стэнли-Лэн-Пуль, «Мусульманские династии» (перев. Бартольда).
  • Тамара Т. Райс. Сельджуки. М. 2004.

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Осмон гази
  2. Осмон гази
  3. http://www.biyografi.net/kisiayrinti.asp?kisiid=3080