Селжук

Википедия дан

Селжук (түрк. Selçuk Bey, орус. Сельджук) — Селжук ибн Дукак (Токак), же Малик ал-Гази. Огуз мамлекетинде аскердик кызмат өтөп, кийин өзүнө караштуу огуздарды алып бөлүп кеткен огуз элинин кынык уруусунан чыккан башчы жана урпактары болгон селжуктардын атасы.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Селжук башында Хазар кагандыгында аскербашы болуп аскердик иштерин баштаган деген маалыматтар бар. X кылымдарда кагандын бийлиги кыйраганда атасы менен кошо огуздардын кызматына өткөн. Ал огуз жабгусунун сүбашысы (аскербашысы) болгон кезинде 20 жаштарында болгон. Айтымдарга караганда Селжуктан коркунучтуу атаандаш чыгаарын байкаган жабгунун аялы Селжукту өлтүрүүгө көндүргөн. Муну билген Селжук өзүнө караштуу кынык уруусундагы огуздарды чогултуп Турандан Иранга конуш издеп көчүүгө аргасыз болгон (985 же 986). Селжук 107 жашка жетип Жендде өлгөн делет. Анын артында беш уулу калган. Анын небере-чөбөрөлөрү Тугрул бек, Чагры бек, Алп Арслан ж.б. мыкты аскер башчы болуп чыгышкан.

Колдонулган булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Решат Генч. Түрк дүйнөсүнүн кыскача тарыхы. котор. Таалай Абдиев. Бишкек 2002. ISBN 9967-21-166-0.